Алай: Той башталды
1
4-октябрда Алайда Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган маараке башталып, ал спорттук оюндар менен коштолууда.
2
Алдын ала план боюнча 200 боз үй тигилет деп айтылууда. Мында боз үйлөр сынагы уюштурулат. Анын байге кору – 90 миң сом.
3
Курманжан Датканын мааракесин өткөрүү үчүн атайын дирекция түзүлүп, 11 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн.
4
Оюндардын байгесине 6 автоунаа, андан сырткары 1,7 миллион сом сайылган.
Ушул тапта Шамеки айылынын түзүндө алайлыктар боз үйлөрүн тигишип, конок камын көрүшүүдө. Алар райондун булуң-бурчунан келишкен.
5
Учурда спорттун 9 түрү боюнча республика аймагынан келген спортчулар беттешип жатышат.
6
Финалдык оюн 8-октябрда күнү өтөт. Ага жети дубандан келген коноктор, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар күбө болушмакчы.