Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.
ИИМ ага жана Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо, Агартуу министрликтеринин бир катар кызмат адамдарына байланыштуу кылмыш иши иликтенип жатканы ырастады. Эки жыл мурун да Алмазбек Исманкуловго “коррупция” беренеси менен иш козголуп, камакка алынган эле. Качан эркиндикке чыкканы белгисиз.
ИИМ таркаткан маалыматка ылайык, 1997-жылы Кыргыз улуттук университети (ошол кездеги аталышы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети) алдында “Интер Госпиталь” медициналык борбору түзүлүп, ага проректор Алмазбек Исманкулов директор болуп дайындалган. 1998-жылы Түштүк Кореянын “Медисон Ко. ЛТД” компаниясы менен университеттин ортосунда Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага Исманкулов кол койгон.
ИИМ кийинчерээк коррупциялык схема менен “Интер Госпиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылып кеткенин билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион доллардан ашык суммага медициналык жабдуулар келген. Тергөөдө ал жабдуулар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, Алмазбек Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилгени аныкталган.
2004-жылы Түштүк Кореянын Коммерциялык палатасынын Арбитраждык соту Кыргыз улуттук университетинин “Интергоспиталь” жоопкерчилиги чектелген коомун “Медисон” компаниясынын пайдасына 9 млн 535 миң 186 доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.
“Жыйынтыгында Түштүк Кореянын “Медисон Ко. ЛТД” компаниясы техникалык насыянын эсебинен Кыргыз улуттук университети үчүн берген медициналык жабдууларды Алмазбек Исманкулов жана ошол учурда жогорку кызматта иштеген аткаминерлер менен биргеликте мыйзамсыз менчиктештирилген жана мамлекеттик казынага 30 млн долларга жакын зыян келтирилип, азыркы учурга чейин мамлекет аны төлөп келүүдө. Ошентип, Алмазбек Исманкулов Кыргыз улуттук университетинин, Билим берүү министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен бирге мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө”, - деп билдирди Ички иштер министрлиги.
Алмазбек Исманкулов жана анын адвокаты ИИМдин бул маалыматына комментарий бере элек.
"Медисондон" насыя алгам, бирок ал эскирип кетти"
Бул ишти 2022-2023-жылдары да Саламаттык сактоо министрлиги активдүү көтөргөн болчу. Ал кезде Исманкуловдун “Көз микрохирургиясы” клиникасы жайгашкан имараттын мыйзамдуулугу да териштирилген. Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени айтылган. 2023-жылы 10-февралда Башкы прокуратура Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган.
Мындан улам Бишкек мэриясы К.Жантөшев көчөсүндөгү имарат боюнча Исманкулов менен ижара келишиминен бир жактуу чыкканын жарыялаган. 2023-жылдын мартында "Көз микрохирургиясы" клиникасы чыгарылып, имарат №2 көп профилдүү клиникалык оорукананын карамагына өткөрүлүп берилген.
Имарат иши боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган.
Исманкулов качан эркиндикке чыкканы белгисиз. "Көз микрохирургиясы" клиникасынын интернеттеги сайтында азыркы дареги катары Сүйөркулов 1/5 көчөсү көрсөтүлгөн.
2022-жылы чуу кызып турган маалда Алмазбек Исманкулов жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп, “Медисон” компаниясы менен болгон иш алдакачан эскирип кеткенин айткан жана ал насыя мамлекеттин моюнуна илинген деген дооматты четке каккан:
“Чындыгында, сиз кандайдыр бир ишкердик баштаганда каражат керек да. Жүздөгөн насыя аласыз – кичинесин, чоңун, коммерциялык банктардан, жеке адамдардан аласыз. Анткени, ансыз өнүгүү болбойт. Андыктан, чындыгында биз качандыр бир кездери алган насыялардын бири “Медисон” фирмасынан алынган. Ал 1997-жылы, өткөн кылымда болгон. Ал жеке насыя деп таанылган. Эгерде сизге кызык болсо, документтерди көрсөтөйүн. Анын мамлекетке эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан Улуттук университеттин имаратын күрөөгө коюптур деген сөз натуура. Мындайды жасоого түк эле мүмкүн эмес. Сиз экөөбүз кандайдыр бир университетке же мамлекеттик мекемеге барып, алардын мүлкүн ала албайбыз. Ага өкмөттүн, Мамлекеттик мүлк фондунун макулдугу керек. Бул такыр мүмкүн эмес, жалган. Түшүнүп атасызбы, карандай калп”.
Мамлекеттин мойнуна илинген жеке насыя
Саламаттык сактоо министри болуп турганда Алымкадыр Бейшеналиев Түштүк Кореядан алган насыясын төлөбөй келатканы үчүн Кыргызстан “кара тизмеге” кирип калганын билдирген.
Медициналык кызматкерлердин кесиптик кошуунун төрайымы Бермет Барыктабасова атайын билим берүү үчүн мамлекетке берген насыя максатсыз иштетилип кеткенин түшүнгөн кореялыктар бул ишти кайра-кайра козгой берерин, андыктан кыргыз тарап аны эскирип кетти деп же башка шылтоо менен жаап сала албашын айтат:
“Ошол кезде кандайдыр бир келишим менен Саламаттык сактоо министрлиги Офтальмологиянын имаратын өзү демилгелеген. Саламаттык сактоо министрлиги жана анда иштеген кызматкерлер Исманкуловго офтальмологияны көтөрүүнү сунуштаган. Көтөргөндө кандай, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарты менен сыяктуу. Бирок ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк катары таризделген эмес. Исманкулов жабдууларды тонолуп кетүүдөн сактап калганын айтат. Бирок, кандай шарттар менен сактап калганы белгисиз. Мага белгилүүсү – Корея тарап ошондон бери абдан нааразы болуп келет. Мисалы, ушул окуя болбогондо Түштүк Корея менен карым-катышыбыз бир кыйла кеңири болуп, көптөгөн долбоорлор, инвестициялар келмек. Кореялыктар салган миллиондорун мамлекетке иштейт деп азырга чейин күтүп келишет. Алардын планы аягына чыга элек, бизди алдап кетти деп жүрүшөт”.
Маалыматтарга таянсак, Алмазбек Исманкулов жеке кызыкчылыгына колдонуп кетти деп шектелип жаткан кореялык насыяны алууда Билим берүү министрлиги мамлекеттин атынан кепил болуп берген. Аны төлөө шарттары бузулганда соттун чечиминин негизинде милдеттенмелер мамлекетке жүктөлгөн.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, быйылкы жылдын ортосуна карай тышкы карыздын дүң көлөмү 12 млрд 750 млн доллар болсо, анын 5 млрд 244 млн долларын өкмөт өзү, 195 млн долларын Улуттук банк, 1 млрд 85 млн долларын коммерциялык банктар, 4 млрд 395 млн долларын башка тармактардагы ишканалар алган. Дагы 1 млрд 830 млн доллар фирмалардын ортосундагы жеке келишим менен алынган.
Адатта өлкөгө тыштан келген насыялардын көпчүлүгү мамлекеттин кепилдиги менен алынат. Анын шарттары боюнча, эгерде насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланса же кайтарууга кудуретсиз абалга кептелсе, анда кепил болгон тарап насыяны төлөөнү өз мойнуна алат.