Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Садыр Жапаров Мисирдин президенти менен кызматташтыкты талкуулады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Мисир Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси. 2025, 5-ноябрь.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Мисир Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси. 2025, 5-ноябрь.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Каирде Мисир Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушуу алгач бетме-бет форматында өтүп, кыргыз-мисир мамилеси, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгараруу тууралуу сөз болду.

Тараптар ар кайсыл тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдиришкен. Жолугушуу кеңейтилген форматта да уланды. 5-ноябрдагы жолугушуу Каир шаарындагы "Ал-Иттихадия" президенттик сарайында болду.

Жапаров Каирге расмий сапар менен 4-ноябрда Мисир президентинин чакыруусу боюнча барган. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендик жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары экени белгиленген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бир жылдан кийин, 1992-жылы Мисир менен дипломатиялык алака түзгөн.

Кыргызстандыктар арасында Мисирде диний багытта билим алгандар көп. Мындан сырткары бул өлкөдө соода-сатык жагында иштеген кыргыз жарандары да бар.

Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 5,1 млн долларды түзгөн. Мунун 3 млн долларлык товарын Каир экспорттосо, 1,6 млн долларлык товарын Бишкек жөнөткөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG