Бишкектин айтылуу Карпинкасындагы ажатканалар шаарчасынын азыркы абалы мына ушундай. Мындан 1 жыл мурда аталган аймакта 86 ажааткана болсо, четинен көчүрүлүп отуруп азыр 5-6 ажаткана калган. (Уланбек Эгизбаев)
"Ажатканалар шаарчасында"
1
Мындан 1 жыл мурда эле Осмонкул көчөсү менен Аламүдүн дарыясынын ортосунда, Чүй проспекти менен Москва көчөсүнө чейинки аралыкта 86 ажаткана бар болгон.
2
Эми минтип жергиликтүү элдин демилгеси менен ажатканалар көчүрүлүп, борбордук канализацияга кошула баштаган.
3
Аталган аймакта ажатканадан сырткары таштанды маселеси курч бойдон калууда.
4
1 жыл мурдагы көрүнүш.
5
Ажатканалардын дээрлик бардыгы дат баскан темир-тезектен салынып, үстүлөрү жабылган эмес.
6
Ажаткана толуп калбасын деп ар дайым кулпулап коюшат. Жашоочулар ажаткана куруш үчүн жер жок экендигин айтышат. Кварталдык комитеттин башчысы Гүлсүн Бабашеванын айтымында, Карпинкада көбүнчө батирчилер жашашат.
7
Жаңыдан курулуп жаткан ажатканаларга суу киргизилүүдө. Мурда жергиликтүүлөр аталган аймактан борбордук канализация өтөрүн билишкен эмес.
8
Жергиликтүү жашоочулардын демилгесин колдогон аймак жетекчилиги ажатканалардын ордуна балдар ойноочу жай куруп берүүнү чечкен.
9
Карпинкадагы жытына киши чыдагыс ажатканалардан 5-6сы дагы деле көчүрүлө элек.
10
Аталган аймакта балдар ойноочу жай жок болгондуктан балдар ажатканалардын, таштанды кутуларынын жанында ойношот.