Бул жыл - Токтогулдун жылы. Анын 150 жылдыгы эл аралык деңгээлде түрк тилдүү мамлекеттер арасында белгиленгени жатат. Маараке 10-мартта Анкара шаарындагы ачылыш менен башталат.
Токтогул жана анын урпактары
1
Токтогул Сатылганов, 1928-жылкы фотосүрөт.
2
Токтогул Сатылганов Сибирден кайтып келгенден кийин 20 жаштагы Сейдимканга баш кошкон. Сүрөттө: Сейдимкан апа неберелери - Канышай, Күмүшай, Молдожан менен. 1950-60-жылдар.
3
Токтогул Сатылганов менен Сейдимкан экөөнүн уулу Бабажан. Ал да комуз чертип, улуттук филармонияда мыкты комузчулардан болгон.
4
Токтогулдун уулу - Бабажан.
5
Бабажан Токтогулов, келинчеги Күлиса жана балдары менен. Оңдо айылдаш туугандары. 1950-60-жылдар.
6
Бабажан Токтогулов да, ата жолун жолдоп, комузчу жана комузду мыкты чапкан уста да болуптур.
7
Гүлсара - Токтогулдун кызы. 1933-жылы атасы каза болгон соң, иниси Бабажан экөө Фрунзеде, интернатта жашап, окушуптур. Кийин, Ташкенттен Консерваторияны бүткөн, алгачкы интеллигент айымдардан болгон экен.
8
Гүлсара Токтогулованын документке түшкөн сүрөтү.
9
Бабажан Токтогулов талаадагы эмгекчилерге концерт берүү учурунда филармониядагы кесиптеши Гүлжан Сейиткулованы комуз менен коштоодо.
10
Токтогулдун небереси - Молдожан, Бабажандын уулу мектепте окуп жүргөн кезинде комузду мыкты чертип концерттерге чыкчу экен. Кийин сүрөтчүлүк кесипти аркалап кеткен.
11
Токтогулдун небереси - Молдожан алты жашында "Токтогул" операсында Топчубайдын ролун аткарып, анын кийимдери менен түшкөн сүрөт. 1960-жыл, опера-балет театры.
12
Гүлсаранын кызы. Апасы-кызы экөө (азыркы Токтогул-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Токтогул адабият жана искусство музейи) үйдө от жаккан мештен көмүр иси уруп каза болушкан. 1960-жылдар.
13
Токтогулдун Токтобүбү деген бир тууган карындашы да болгон. Алдыда отурган экинчи аял - Гүлай, ошол Токтобүнүн кызы экен. Жанында Гүлайдын кыздары Гүлжан, Гүлсара (Токтогулдун кызынын урматына) Артта - Токтогулдун небереси - Медер.
14
Токтогулдун улуу небереси - Күмүшай Бабажанова кыздары Нурсулуу, Жанна менен.
15
Токтогулдун улуу небереси Молдожан Токтогулов келинчеги Жамила менен.
16
Токтогулдун небереси-Бабажандын кызы Канышай, өмүрлүк жолдошу Касымбек менен.
17
Токтогулдун кичүү небереси Медер Бабажанов, келинчеги Бактыгүл менен.
18
Бабажандын кичүү кызы, Токтогулдун дагы бир небереси - Чолпон, күйөөсү Жаныбек менен.
19
Токтогулдун чөбөрөлөрү, кыбыралары.