"Энесайлык кыргыздар” аталыштагы көргөзмө бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде ачылды. Анда Орусиянын Минусинск шаарындагы аймак таануу музейиндеги Х-ХII кылымдарда Энесайдагы кыргыздар колдонгон буюм-тайымдар, курал-жарактар жана тарыхый экспонаттар коюлду. Иш-чара өлкөдө быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата уюштурулууда.
Энесайда калган бабалар изи
1
Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири.
2
Минусинск шаарындагы музейден алынган Кытай буюмдары. Илгертеден кыргыздар уйгурлар, кытайлар, арабдар менен соода алакысын түзүп келишкен.
3
Жоокердин темир кийими жана жаанын, найзанын учуна тагылчу учтуу темирлер.
4
Энесай кыргыздары VI–VIII кылымдарда өз мамлекетин түптөгөн.
5
Кыргыз жоокерлеринин курал жарактары. Кылыч, бычак, канжар. VI-X – ХV-XVII кылымдарга таандык.
6
Жер иштетүү шаймандары. VI-VII кылымдарга таандык. Тарых барактарында энесайлык кыргыздар мал баккан сырткары жер ишткени жазылып жүрөт.
7
Ашканада колдонулуучу байыркы аспаптар. Бул жерден кашык, бычак жана эт бышырууга ылайыкталган буюмдарды көрүүгө болот.
8
Кийимдерге кооздук үчүн тагылуучу топчулар. Тамекинин мүштөктөрү. VII- XVIII кылымдарга таандык.
9
Атчан кишинин элеси түшүрүлгөн кийимга тагылуучу буюмдар.
10
Аттын жасалгалары.
11
Колго тагынуучу блерик.
12
Кытай буюмдары.
13
"Алтын-Көлдөн" көлүнөн табылган таш.
14
Энесай кыргыздары Саян-Алтай аймактарында жашаган байыркы түрк тилдүү элдердин бири.
15
Тарыхчылар бул элди учурдагы кыргыз, хакас, алтайлыктар жана тувалыктардын бабасы катары санашат.
16
Көргөзмө 25-декабрга чейин уланат.