Москва облусундагы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги коюлду. Ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев катышты.
Москва: Шопоковдун айкели орнотулду
1
2
Дүйшөнкул Шопоков 1915-жылы 19-майда Чүй облусунун Шалта айылында туулган. Ал Москва облусунун Волоколамск районуна караштуу Дубосеково айылынын алдында душмандын танкаларын кыйратуу учурунда каза тапкан.
3
Бул эрдик 28 панфиловчунун баатырлыгы катары тарыхта сакталып калган. 1942-жылы Дүйшөнкул Шопоковго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
4
5
Учурда Дубосеководо 28 баатырдын мемориалы бар. Шопоковго эстелик тургузуу тууралуу Волоколамск шаарынын администрациясы чечим чыгарган.
6
7
8
9