Караханид мамлекетинин биринчи каганы Cатух Бограхандын атындагы мечит Бишкек шаарынын Жал кичи районунда орун алган. Мечиттин курулушун түркиялык "Евразия маданият жана билим" кору каржылаган. Төрт миң кишиге эсептелген мечиттин курулушуна 4 миллион долларга жакын каражат сарпталган.
Төрт миң кишини батырган мечит
1
Курулушу бүтүүгө жакындап калган бул мечит Жал кичирайонунда орун алган.
2
Мечиттин архитектуралык түзүлүшү Түркиядагы мечиттерге түспөлдөш болуп, мунаралары кыргыз оймолору менен кооздолгон.
3
Мечиттин уникалдуулугун ич жасалгасы дагы далилдеп турат.
4
Дубал, шыптарын 11 ай ичинде Куран сүрөөлөрү жана ар түрдүү оюулар менен көркөмдөп чыгышкан.
5
Мечитте бир убакта 4000ден ашык адам намазга жыгылса болот.
6
7
Ильязбек Полотов мечиттин ич жасалгасын жана чатыр туникелерин жасаган топтун жетекчиси. Анын айтымында, көркөмдөө үчүн колдонулган боёктор Түркиядан атайын алып келинген.
8
9
10
Сүрөтчүлөрдүн айтымында, Cатух Бограхан мечитинин жалпы курулушуна 4 миллион долларга жакын акча сарпталган.
11
12
13
Ушул тапта мечитте негизги курулуш иштери бүтүп, аз убакыт ичинде эл кызматына даяр болмокчу.