Кыргызстанда 4-октябрь - парламенттик шайлоо өттү. Ага 14 партия ат салышты. Шайлоо участкалары таңкы саат сегизде ачылып, кечки саат сегизде жабылды.Расмий маалыматтар боюнча катталган шайлоочулардын 45,7% добуш берди.
Парламенттик шайлоо өттү
1
БШКнын мүчөсү бюллетенди жабдууга кантип киргизүү керектигин көрсөтүүдө.
2
3
Шайлоо участкасына киргенде эле шайлоочу паспортун көрсөтүп, манжаларын биометрикалык маалыматты окуй турган жабдууга коёт.
4
Манжаны жабдууга койгондо беш мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде шайлоочу тизмеде бар болсо, биометрикалык маалыматтарын тапшырган болсо, экинчи компьютерден добуш берүүчүнүн сүрөтү, аты-жөнү чыгат.
5
Биометрикалык жабдуу шайлоочуну "тааныгандан" кийин ага чек берилет.
6
Ошол чекти алып, шайлоочу БШКнын мүчөлөрүнө тапшырат. Алар анын аты-жөнүн тизмеден таап, кол койдурган соң шайлоочуга партиялардын тизмеси жазылган бюллетенди беришет.
7
Шайлоочу байкоочулардын көзөмөлү алдында добуш берет. Бул шайлоодо бюллетенди сүрөткө тартып алууга тыюу салынды.
8
9
Мына ушул жабдууга шайлоочу бюллетенин киргизет.
10
11
12
13
14
15
16