Нарындын борбордук аянтында 200дөн ашуун адам митингге чогулду. Алар өкмөт башчысы Темир Сариевдин нарындыктар менен жолугушууга келбегенине нааразылык билдирип жатышат.
Нарын: Өкмөткө нааразылар митингге чыгышты
1
Чогулгандар тоолуу аймактын жеңилдиктеринен баш тартуу менен маселе чечилбей тургандыгын, электр энергиясынын кымбаттыгы, малдын арзандыгы, ГЭСтин курулбай калышы элди митингге чыгууга аргасыз кылганын айтууда.
2
Буга чейин Нарын эли өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы 27-январга митинг белгилешкен.
3
Бирок 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан.
4
Анда аталган долбоорго терең анализ жасалбаганы баса белгиленип, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган.
5
Нарын шаары
6
Нарын шаары