Москвада ишембиде өрт чыккан басмакананын имаратынын жанында каза болгон кыргызстандыктарды эскерүү иш-чарасы өттү.
Москвадагы эскерүү
1
Ага Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, каза болгондордун жакындарды катышууда. Анда каза болгондордун тизмеси жарыяланып, гүлчамбарлар коюлду.
2
3
4
Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
5
6
Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган.
7
8
9
Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.
10
11
12
13
14
15
16