Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын Бактыгүл Чотурованын "Тумар ханыша" аттуу пьесасы үч күн бою аншлаг менен өттү. Бул байыркы сактардын ханышасы – кадимки даңазалуу Томирис (Тумар) тууралуу коюлган тарыхый спектакль. Театр ишмерлери эпикалык жанрдагы пьесанын драматургиясы, режиссурасы, актерлордун ойногону тууралуу жакшы пикирлерин айтышты.
Тумар ханыша көрүүчүлөрдү толкундантты
21
Спекталди койгон режиссер – Марат Козукеев.
22
“Тумар ханышанын” бет ачары 14-мартта башталган. Драманын авторунун айтымында, спектакль үч күн бою аншлаг менен өттү.