Президент Алмазбек Атамбаев кызматынан кетерде 150дөн ашык адамды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо боюнча жарлык чыгарды. Аларга сыйлыктар 22-ноябрда тапшырылды. Мамлекеттик наам алгандардын арасында комдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, маданият өкүлдөрү жана карапайым адамдар бар.
Президенттин колунан сыйлык алгандар
1
"Элдик сакчы" уюмунун жетекчиси, мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев президенттин колунан Ардак грамота алды.
2
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен Алмазбек Атамбаев. Өмүркулов “Даңк” ордени менен сыйланды.
3
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен Алмазбек Атамбаев. “Бир болдун” лидери Алтынбек Сулайманов "Достук" орденин алды.
4
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Курманжан Датка" сыйлыгын алды. Мындан сырткары БШКнын дагы төрт мүчөсү “Даңк” ордени баштаган мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
5
Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов да “Манас” орденин алды.
6
“Манас” орденин алган президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.
7
Буга чейин мамлекеттик сыйлык алгандарга көп артыкчылыктар каралган. Маселен, эки же андан көп мамлекеттик сыйлыгы бар адамдар персоналдык пенсияга чыгууга укук алчу. 2015-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул артыкчылыктар алынып салынган. Бирок айрым сыйлык, наам ээлерине айлыгына 2500 сомдон 5000 сомго чейинки кошумча каражаттар каралган.
8
Сыйлык алгандардын арасында Ырыскелди Осмонкулов баштаган маданият өкүлдөрү да бар.
9
Мамлекеттик наам алгандардын арасында комдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, маданият өкүлдөрү жана карапайым адамдар бар. Ырчы Гүлзинат Суранчиева сыйлык алгандардын катарында.
10
"Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" мыйзам 1996-жылы кабыл алынган. 2012-жылы сыйлыктарды берүүгө мораторий жарыяланып, кийин бул чектөө алынып салынган.
11
Сыйлык алгандар.
12