Президенттик аппараттан билдиришкендей, президент Казакстандагы иш сапарынын алкагында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу “Акорда” ак сарайында тар чөйрөдө өттү. Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда ал Москвага жөнөйт.
Жээнбековдун Астана сапары
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга расмий иш сапары менен барды.
1
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана ЕАЭБнын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
2
3
Аны Астана шаарындагы эл аралык аэропортто ардактуу кароолдун коштоосунда Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин тосуп алды.
4
5
6
7
8
Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.
9
10
11
12
13
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчылар Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.
14
15
16
Жолугушууда казак президенти Назарбаев “Биз келип-кетебиз, эл калат. Ошондуктан достук, туугандык мамилени кийинки муунга таза бойдон калтырышыбыз керек” деди.
17