Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда өзбек лидерин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон башында турган расмий адамдар тосуп алышты.
Мирзиёевди Дүйшөмбү шаң менен тосту
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик иш сапары 9-мартта эртең менен башталды.
1
Байкоочулар Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү иш сапарын "тарыхый" деп сыпаатташууда. Бул 2016-жылдын соңунда бийлик башына келген Мирзиёевдин Тажикстанга биринчи ирет барышы.
2
Эки күнгө созулган иш сапарынын алкагында тараптар 20дан ашуун документтерге кол коюшаарын өзбек президентинин администрациясы билдирди. Алардын арасында өзбек-тажик чек арасынын айрым бөлүктөрү тууралуу да келишим бар.
3
Лидерлер аймактагы жана эл аралык маселелерди талкуулашат. Ошондой эле иш сапарынын алкагында эки коңшу мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.
4
Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун маалында эки өлкө ортосундагы алакалар начарлап кеткен.
5
Мирзиёевдин сапарын утурлай Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы сегиз авто жана бир темир жол өткөрмө бекеттери кайрадан ачылып, иштей баштады. Алардын көбү 2012-жылы жабылган.
6
Иш сапардын алкагында эки коңшу мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.
7
10 марта Мирзияев, как ожидается, проведет встречи со спикером нижней палаты парламента Таджикистана Шукурджоном Зухуровым и премьер-министром страны Кохиром Расулзода.
8
9
10
11
12
13
14
15