Кечээ, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 2:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жетти.
Кыргыз футболчулары жеңишке жетти
1
2
3
Кыргызстандан топторду Антон Землянухин (2-мүнөт) жана Мирлан Мурзаев (71-мүнөт) киргизди.
4
5
Индиялык футболчулар оюн бүтөөрүнө аз калганда (88-мүнөт) эсебине бир гол жаза алышты.
6
7
Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу.
8
9
Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.
10
Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.
11
12
13
Азия кубогунун (Азия чемпионатынын) 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноду. Алты оюндан кийин Кыргызстан менен Индиянын командалары 13төн упай топтошту.
14
15
Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алганын команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди. Азиянын Футбол Конфедерациясынын расмий сайтында Кыргызстандан утулганына карабай Индия "А" тобунда көч башын жетектегени жарыяланды. Мьянмада 8 упай бар. Макаодо упай жок.
16
17
18
19
20