Коронавирус пандемиясынын эл турмушуна тийгизген таасирин чагылдыруу максатында “Азаттык” радиосу угармандар арасында жарыялаган “Пандемия мени кандай өзгөрттү?” деп аталган подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Подкаст сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
1
Сынакта жеңүүчү болгондор "Азаттыктын" студиясында. Айрым жеңүүчүлөр шартка байланыштуу келе алган жок.
2
Сынактын эң жаш катышуучусу - Камила Баекеева.
3
Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 90дой баян келип, техникалык сапаты жарактуу 60 баян azattyk.org сайтына, социалдык желеге жана подкаст платформаларга жарыяланды.
4
Келдибек Ниязов пандемияны сатирага салган баян жөнөткөн, Сайнаке Бообекова экология көйгөйүн көтөргөн
5
Пандемия күчөгөн учурда ыктыярчы дарыгер болуп иштеген Асман Жыргалбеков.
6
"Азаттыктын" редактору Заирбек Бактыбаев сынакта атайын сыйлыкка татыктуу деп табылган маданий ишмер Келдибек Ниязовго белек берип жаткан учур.
7
Сынактын координатору Санжар Эралиев, подкастчылар - Айдай Керимова, Адил Какенов ж.б.
8
"Элден элге" деп аталган кайрымдуулук дүкөнүн ачканы тууралуу сынакка баян жөнөткөн Сайпидин Султаналиев.
9
Пандемия күчөгөн маалда кызыл зонада иштеген ыктыярчы-студент, болочоктогу дарыгер Кутман Майрамбек уулу
10
Сынактын катышуучулары - Авазбек Жусупбеков жана Азизбек Айтбаев.
11
Сайнаке Бообекова жана Камила Баекеева.
12
Сынакка кыргызча жана орусча баяндарды жөнөткөн эже-сиңдилер - Лидия жана Алия Ибраевалар
13
Заирбек Бактыбаев сынактын катышуучуларынын аты-жөнүн жарыялап жаткан учур
14
Сынакка алгачкылардан болуп баян жөнөткөндөрдүн бири - Адил Какеновго "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева белек тапшырууда.
15
Катышуучулар пандемиянын жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышты.