Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

АКШ - Борбор Азия: Сейрек минералдарга кызыгуу, Кытайга атаандаштык


Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери
Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери

мазмуну

  • 6-ноябрда Дональд Трамп Борбор Азия лидерлери менен Вашингтондо саммит өткөрүп, "кен байлыктар дипломатиясын" талкуулайт.
  • Борбор Азия өлкөлөрү АКШ менен стратегиялык минералдык кендерди чалгындоо жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатышат.
  • Кытайдын сейрек минералдар рыногундагы монополиясына каршы аракеттер Борбор Азияны АКШ үчүн маанилүү өнөктөшкө айлантууда.

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жогорку деңгээлдеги саммитте жолугат. Анда чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү жана стратегиялык маанидеги минералдардын ири запастары талкууланмакчы.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп соңку апталарда Австралия, Малайзия, Таиланд жана Жапония менен табигый минералдар боюнча бир катар келишимдерди түзгөндөн кийин көңүлүн Борбор Азияга бурары белгилүү болду.

6-ноябрда Вашингтондо Трамп бул чөлкөмдүн лидерлерин кабыл алып, жогорку деңгээлдеги саммит өткөрүүнү көздөп жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү мунай жана газ ресурстарына бай. Ошол эле учурда бул аймакта сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдык заттардын дагы ири, аз изилденген корлору бар.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан минералдык байлыктары аркылуу АКШ менен жаңы өнөктөштүк алака түзүүгө үмүт артып турушат. Ак үй эми жаңы келишимдерди түзүүгө камданууда.

“Борборазиялыктар учурда ири кендери жана "Орто коридор" салууга жумшалган инвестициялардын өсүшү менен жакшы позицияда турат,” - дейт Вашингтондогу Yorktown Institute уюмундагы Туран иликтөө борборунун жетекчиси Жозеф Эпштейн "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде.

Ал "Орто коридор" деп Орусияны айланып өтүп, Кытай менен Европаны туташтырган 6,500 чакырымга созулган жаңы соода жолун айтып жатат.

6-ноябрдагы саммит Трамптын Азия-Тынч океан аймагындагы “минералдык дипломатиясынын” уландысы болуп саналат.

Борбор Азиянын жана Кошмо Штаттардын желектери.
Борбор Азиянын жана Кошмо Штаттардын желектери.

Бул жолугушуу Трамптын Кытай лидери Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин өтмөкчү.

6-ноябрдагы саммит Трамптын Азия–Тынч океан аймагындагы “минералдык дипломатиясынын” уландысы катары уюштурулуп жатат.

Эки держава ортосундагы соода согушунун курчушуна кандайдыр бир деңгээлде Бээжиндин стратегиялык маанидеги сейрек кездешүүчү элементтердин экспортуна чектөө киргизүүсү себеп болгон.

Бул элементтерди дүйнөгө таратууга келгенде Кытайдын таасири күч. Бээжин дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү минералдардын 70% көбүн казып, аларды бөлүп алып жана кайра иштетүүнүн 90%, ошондой эле магнит өндүрүшүнүн 93% көзөмөлдөйт.

Си Трамп менен жолуккандан кийин бул чектөөлөрдүн айрымдарын бир жылга токтото турууга макул болгон. Вашингтон эми Бээжиндин бул тармактагы монополиясын жок кылууга багытталган аракеттерди көрө баштады.

Адистер белгилегендей, Борбор Азия АКШ үчүн ылайыктуу өнөктөш болуп саналат. Анткени бул чөлкөмдөгү өкмөттөр Кытай менен Орусиянын таасирин тең салмактап туруу жана эки коңшусуна өтө көз каранды болуп калбоо үчүн америкалык инвестицияга кызыгышат.

“Бээжин менен Вашингтон азыркы тыныгууну өз тарабындагы артыкчылыкты күчөтүү үчүн пайдаланууга аракеттенет. Бул болсо АКШны Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы маанилүү тең салмактоочу күчкө айлантат, анткени алар көп векторлуу тышкы саясатын сактап калууга умтулууда,” - деди Жозеф Эпштейн.

Вашингтондун күн тартиби кандай?

Трамп быйыл январда Ак үйгө кайтып келгенден бери стратегиялык маанидеги минералдар анын күн тартибинде сап башына чыккан маселелердин бирине айланды.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде 50 чакты минерал өлкөнүн улуттук жана экономикалык коопсуздугу үчүн маанилүү деп саналат. Алардын арасында сейрек кездешүүчү элементтер да бар. 17 элемент шамал турбиналарынан тартып смартфондорго, аскердик учактардын кыймылдаткычтарына чейин колдонулат.

“Бул Борбор Азия лидерлери үчүн ички экономикалык абалды жакшыртып, чет элдик инвестицияны түз тартуунун жаңы жолу болушу мүмкүн,” - дейт глобалдык саясий тобокелдиктерди изилдеген Nightingale Intelligence компаниясынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Элданиз Гусейинов "Азаттык" радиосуна берген маекте.

Минералдык байлыктан тышкары саммитте энергетикалык логистика, инфраструктурага инвестиция тартуу, АКШдан технология алуу, билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуулар жана суу ресурстарын башкаруу сыяктуу маселелер да талкууланышы мүмкүн.

Борбор Азиянын мурдагы советтик республикалары авторитардык башкаруу жана адам укуктарынын бузулушу үчүн бир топ жылдан бери кескин сынга кабылып жүрөт. Бирок бул жолу адам укуктары маселеси саммиттин негизги темаларынын катарына кирбей калышы айрым укук коргоо уюмдарынын тынчсыздануусун жаратты.

“Борбор Азия менен Кошмо Штаттардын саммитинде адам укуктары сөзсүз негизги темалардын бири болушу керек, анткени аймактагы басым акыркы мезгилде күчөп жатат. Эгер эл аралык өнөктөштөр инвестиция жана кызматташуу үчүн башка туруктуураак багыт издеп кетсе, аймак акыркы жылдардагы социалдык жана экономикалык жетишкендиктеринен айрылып калышы мүмкүн,”- дейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон өз билдирүүсүндө.

C5+1 саммити АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) бириктирген формат. Ал 2015-жылы АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Жон Керринин катышуусунда башталган. Бул формат Кошмо Штаттардын чөлкөм менен жогорку деңгээлдеги негизги байланыш аянтчасы болуп эсептелет.

Борбор Азия лидерлери жана АКШ президенти Жо Байден С5+1 саммитинде. 19-сентябрь, 2023-жыл. Нью-Йорк.
Борбор Азия лидерлери жана АКШ президенти Жо Байден С5+1 саммитинде. 19-сентябрь, 2023-жыл. Нью-Йорк.

Быйылкы саммит президенттик деңгээлде өтүп жаткан экинчи жолугушуу. Мындан улам Борбор Азия мамлекеттери бул мүмкүнчүлүктөн толук пайдаланып калуу аракетин көрөт.

Казакстан Трамптын администрациясынан АКШ Конгрессиндеги республикачылар менен бирге Жексон–Вэник мыйзамын жокко чыгарууну суранышы мүмкүн. Бул Совет доорунда кабыл алынган жана эмиграцияга чектөө койгон, базар экономикасы жок өлкөлөргө каршы соода тоскоолдуктарын киргизген мыйзам.

Саммит алдында Ак үй ошондой эле Казакстандагы вольфрамдын эң ири, бирок иштетиле элек кендеринин бирине кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүл жүргүзө баштаган. Вольфрамды Пентагон ок-дары, снаряд жана башка курал-жарак чыгарууда колдонуп келет.

Bloomberg агенттиги маалымдагандай, АКШнын соода катчысы Ховард Латник Cove Kaz Capital Group LLC компаниясы менен Казакстандын улуттук байлыктар кору ортосунда бул өлкөдөгү эки ири вольфрам кенин өздөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурган.

Борбор Азия АКШдан эмне күтөт?

Борбор Азия лидерлери азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып калуу зарылдыгын түшүнүп турушат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 500 миллион долларлык сейрек кездешүүчү металл долбоорлорун ишке киргизүү планын жарыялаган.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл парламентте туруп, сейрек кездешүүчү минералдарды “жаңы мунай” деп атап, аларды өндүрүүнү “артыкчылыктуу багыт” катары белгилеген.

Ошентсе да аймактагы көптөгөн кендер азырынча толук изилдене элек. Алтургай айрымдары дагы деле совет мезгилиндеги геологиялык карталарга жана маалыматтарга таянат.

Мисалы, Казакстан быйыл апрелде 20 миллион тоннадан ашуун сейрек кездешүүчү элементтердин ири запасы табылды деп жарыялаган. Бул маалыматты азыр эл аралык компаниялар иликтеп жатышат. Эгерде тастыкталса, Казакстан бул багытта дүйнөдө Кытай менен Бразилиядан кийинки үчүнчү орунга чыгышы ыктымал.

“Борбор Азия өлкөлөрү Кошмо Штаттар менен сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдарды чалгындоо, казып алуу жана экспорттоо боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү каалашат. Бирок өзгөчө минералдарды кайра иштетүү үчүн инвестиция тартууга кызыгып жатышат”- дейт АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси жана Rand Corporation изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Уильям Кортни "Азаттыкка" курган маегинде.

Сейрек кездешүүчү элементтерди иштетүү жаатында Кытай дээрлик толук монополияга ээ. Анткени Бээжин ондогон жыл бою бул тармакка инвестиция салып келген жана экологиялык чектөөлөр аз болгондуктан, бул өндүрүштү кармап турган.

“Кытайдын артыкчылыгы кендердин көлөмүндө эмес, аларды иштетүү мүмкүнчүлүгүндө. АКШ атаандаш болом десе, экологиялык чектөөлөр анча катаал эмес, иштетүүгө даяр өлкөлөрдү табууга тийиш,” - деп кошумчалады Кортни.

Борбор Азиянын көпчүлүк мамлекеттери буга чейин эле мыйзамдарын тоо-кен тармагына инвестиция тартууга ыңгайлаштырган.

Америкалык капиталды тартуу үчүн дагы да көбүрөөк шарт түзүү, башкача айтканда, чет элдик инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу саммитте көтөрүлчү маселелердин бири болот.

Ошону менен катар чөлкөмдөгү лидерлер логистикалык жолдорго инвестиция тартууну да көздөшөт.

"Ортоңку коридор" (же Транс-Каспий транспорттук коридору) - аймактын минералдык байлыгын ташууга арналган негизги жол.

Бул багытка буга чейин эле Европа, Кытай жана Перс булуңунун өлкөлөрү инвестиция салган.

Эми Борбор Азия лидерлери Вашингтондун минералдарга болгон кызыгуусунан улам кошумча инвестиция тартса болот деп үмүттөнүшөт.

“Минералдарга жана аларды кайра иштетүүгө көңүл буруу "Орто коридордун" маанисин арттырып, анын өнүгүшүнө шарт түзөт эле,” - дейт Элданиз Гусейинов.

"Борбор Азияда АКШ Кытайга атаандаш боло албайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:50 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG