Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кыргызстан алгачкы мамлекеттик криптовалютасын чыгарды


Биткоин. Иллюстрациялык сүрөт.
Биткоин. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда атамекендик биринчи криптовалюта - USDKG деп аталган алгачкы стейблкоин чыгарылды. Криптовалютаны Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы каттады.

Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти - "Виртуалдуу активдердин эмитенти" акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат.

USDKG - Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы санарип актив. Анын курсу сомго байланган, каржылоо Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Долбоор санарип экономиканы өнүктүрүү жана эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп өзүнүн санарип активин чыгарган өлкө болуп калды. USDKG активи алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров улуттук стейблкоинди чыгарууну тездетүүнү жана санарип сомду тестирлөө тапшырмасын берген.

Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG