Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Борбор Азия-АКШ саммити: Жапаров аймактын дүйнөлүк саясаттагы ролу өскөнүн белгиледи


"Борбор Азия - АКШ" саммити. Вашингтон. 6-ноябрь, 2025-жыл.
"Борбор Азия - АКШ" саммити. Вашингтон. 6-ноябрь, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Вашингтондо "Борбор Азия - АКШ" (С5+1) саммитине катышты. Мамлекет башчы иш-чаранын алдында журналисттерге билдирүү жасады.

Өз сөзүндө ал АКШ президенти Дональд Трампка жылуу кабыл алганы, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү деп эсептей турганын белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-америка мамилелеринде инвестициялар, туризм, гидроэнергетика, санарип экономика, жасалма интеллект, IT чөйрөсү жана ошондой эле коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо негизги багыттардан экенин айтты. Президент бул өңүттө Кыргызстан АКШ лидеринин глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон салымын жогору бааларын баса белгиледи.

“Өз кезегимде, мен дагы мамлекет башчысы кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом – бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу”, - деген Садыр Жапаров коңшу лидердер менен бирге бул милдетти, эң негизгиси тынчтык жолу аркылуу, ишке ашыра алганын айтты.

Кыргызстандын мамлекет башчысы жыйынтыгында Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу өскөнүн белгилеп, аймак менен "кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатканын” айтты. C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгын белгиледи.

АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып Чыгыш менен Батышты бириктирген чөлкөмдүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана байланыш чынжырын кеңейтүүдө Борбор Азия менен Америка Кошмо Штаттары кызматташтыгы негизги багыт экенин белгиледи.

6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан саммит өттү. Анда чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдардын ири запастары талкууланары кабарланган.

C5+1 саммити АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген платформа. АКШ Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүү үчүн С5+1 платформасын 10 жыл мурун түзгөн.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG