Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

АКШ - Борбор Азия: Сейрек минералдар, "Боинг" учагы. Саммиттин жыйынтыгы


6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп С5+1 форматындагы саммит өткөрдү. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты. Саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн кандай өбөлгө болуп берет деген талкуу башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ менен алаканы тереңдетүүгө ынтызар экенин белгилеп, гидроэнергетика, туризм, инвестиция, IT технология тармагында кызматташууну сунуш кылды.

АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азияны “кен байлыгы мол аймак” деп белгилеп, Американын бул беш мамлекет менен өнөктөштүгүн бекемдөө ниетин билдирди:

"Мен жаңы эле бул лидерлер менен "Сүйрү кабинетте" эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, дүйнөнүн бул маанилүү бөлүгү менен болгон байланыштарыбызды талкууладым. Биз экономикалык өнөктөштүгүбүздү бекемдеп, коопсуздук тармагында кызматташууну жакшыртып жатабыз жана жалпы байланыштарды кеңейтүүдөбүз".

Көп өтпөй америкалык лидер Truth Social социалдык тармагы аркылуу Ташкент менен Вашингтон ортосунда олуттуу стратегилык соода келишимин жарыялады. Өзбекстан жакынкы үч жылда Американын маанилүү тармактарына 35 миллиард доллар, алдыдагы он жылда 100 миллиард доллар салмай болду.

Башка булактардан белгилүү болгондой, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан АКШдан 37 "Боинг" учагын сатып алууну пландап турат. Андан тышкары Казакстан америкалык компаниялар менен жалпы 17 миллиард долларга 30 макулдашуу түзгөнү белгилүү болду.

Ак үйдөгү жолугушууда Борбор Азия лидерлеринин айрымдары Трампты көкөлөтө мактаганга да үлгүрдү. "Сиз Кошмо Штаттардын ички болобу, же тышкыбы, саясатында биз тең бөлүшкөн баалуулуктарга жана салт-санаага акыл-эс калчап кайра кайтуу үчүн жараткан, чекебизге буюрган улуу лидер, мамлекеттик ишмерсиз. Андыктан көп өлкөлөрдөгү миллиондогон киши сизге терең ыраазы", - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө Кошмо Штаттардын башчысына:

"Урматтуу президент Трамп, биз С5+1 форматын кайра калыбына келтирүүгө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз. Буга чейин Кошмо Штаттардын бир да президенти Борбор Азияга сиздей мамиле жасаган эмес. Мен жеке өзүм жана бардык кызматташтарым сизге ыраазыбыз".

Вашингтондогу саммитте Астана Авраам келишимине кошулганы жарыяланды. Бул Трамптын араб өлкөлөрү жана мусулман дүйнөсү менен Израилдин байланышын жөндөөгө багытталган демилгеси. Казак бийлиги бул эл аралык макулдашууга кошулуу “табигый жана логикалык жактан туура кадам экенин” белгиледи.

Ак үйдөгү жолугушууда кыргыз президенти Садыр Жапаров Кыргызстан АКШны өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары көрөрүн белгилеп, эки тараптуу кызматташуудагы маанилүү тармактарга токтолду:“Кыргыз-америка мамилелерине карата төрт багытты белгилегим келет: экономика жана инвестициялар, туризм; гидроэнергетика; санарип экономика, жасалма интеллект, IT чөйрөсү; коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо. Бул өңүттө кыргыз тарап урматтуу президент Дональд Трамп мырзанын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору бааларын баса белгилейм”.

Жапаров аталган тармактар боюнча Кыргызстандын потенциалы жогору экенин, айрыкча IT тармагында соңку беш жылда кыргыз ишкерлери АКШга кызмат көрсөтүүнү көбөйткөнүн белгиледи. Ошондой эле криптовалюта базарындагы алгылыктуу иштерди атап, АКШга санариптик тармакта кызматташууну сунуш кылды.

Вашингтондогу саммитти утурлай Мамлекеттик департамент уюштурган бизнес конференцияга Борбор Азиядан ишкерлер да чакырылган. Чөлкөмдүн бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик катчы Марко Рубио жолугушту.

Бизнес делегациянын катарында болгон ишкер Тилек Токтогазиев буларды айтып берди:

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Президенттердин жолугушуусунда жана бизнес өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан менен Казакстандын активдүүлүгүн жана АКШ тараптын алардын ролун өзгөчө коюп жатканын байкадык. Анткени Казакстанда мунай, газ өндүрүшү чоң болгону жана сейрек кездешүүчү металлдар көп болгону себептүү өзгөчө көңүл бурууда. Ал эми Өзбекстандын базарынын чоңдугу өзүнчө каралууда деп ойлойм”.

Ошентип, саммиттин алкагында Казакстан транспорт, энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча 17 миллиард долларлык келишим түзсө, Өзбекстан менен Тажикстандын ишканалары “Боинг” компаниясынан учак сатып алууну макулдашты.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бакытбек Жумагулов кызматташтыктын жемишине баа берүү узак мөөнөттүү перспектива деген пикирде:

“Бул жыйынтыктарды эки өлкөнүн тышкы саясатын алып барган мекемелердин жеңиши деп баалап койсок болот. Кийинки ушундай деңгээлдеги иш-чараларга дипломатиялык мекеме жигердүү иштеши керек. Азыр америкалык инвестиция бир өлкөгө кириши үчүн кандайдыр бир шарттар болушу керек. Мындай мүмкүнчүлүк казактарда бар. Кыргызстанда алардын бизнеси кызыга турган долбоорлор азырынча жок болуп жатат”.

Борбор Азия чөлкөмү геосаясий кызыкчылыктар атаандашкан аймак. Бээжиндин экономикалык жана Москванын саясий таасиринде турган аймак канчалык кызматташууга ачык деген суроо турат.

АКШдагы кыргыз ишкерлеринин Nomad Business League ассоциациясынын президенти Темирбек Ажыкуловдун пикирин билдик:

“Менин оюмча, бул аракеттердин артынан реалдуу кызматташуу болушу мүмкүн. Бирок мындай кызматташууга Борбор Азия мамлекеттери канчалык ачык? Себеби, биздин өлкөлөр тышкы саясатын эркин алып бара албай, көп жылдан бери эле Орусияга багытталган түшүнүктө болуп келдик. Ал эми инвестициялык климатыбыз буга канчалык даяр экени өзүнчө маселе. Менимче, мунун үстүнөн да иштешет деген үмүттөмүн. Тилекке каршы, жеке менчик мүлктүн корголушу боюнча көп иштер жүргөн жок. Эгер жакынкы арада мыйзамдар өзгөрүп, жеке секторго жакшы сигналдар келсе, биз дагы “иштешкенге даярбыз, Кыргызстанга келсеңер, бизнесиңер корголот, силер салган акчаңарды эч ким тартып албайт” деп кепилдик бере алсак, эшигибиз ачылат. Ошого жараша инвестиция келе баштайт”.

Бул жолку саммитте демократиялык баалуулуктар, адам укуктарынын бузулушу тууралуу сөз болгон жок. Бирок бизнес жыйынга катышкан ишкер Тилек Токтогазиев Кошмо Штаттардын бийлиги, Конгресс үчүн демократиялык баалуулуктар артыкчылыктуу экенин белгиледи:

"Сөз эркиндиги, адам укугуна болгон мамилелер терс болуп баратса АКШ тараптан буга көңүл бурулуп турат экен".

Кыргызстан менен АКШ кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол коё элек. Эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү документ алгач 1993-жылы Вашингтондо кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү 2015-жылы аны бир тараптуу денонсациялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG