700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин чоң салымы болгон деген негизде, атайын күмбөз салынган.
Изник: көөнө кыргыз жоокерлери эскерилди
15-майда Түркиянын Изник шаарындагы 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзүндө аларга багышталып куран окулуп, эскерилди. Иш-чарага Түркиядагы кыргызстандыктар, дипломаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
1
Күмбөздүн кире беришиндеги кылыч кармап отурган кыргыз жоокеринин айкели.
2
3
Күмбөз эки бөлмөдөн турат, ичинде символикалык түрдө жети табыт коюлган.
4
5
Kүмбөз шаар мэриясы тарабынан корголуп, Түркиядагы кыргызстандыктар жылына бир жолу зыярат кылып турушат.
6
Бул күмбөз XI кылымдын аягында Изник шаарын жеңип алууга жана Анадолу Селчук мамлекетинин борборунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин урматына Султан Ормон Казы тарабынан тургузулган.
7
Жыл сайын май айында Изникте эскерүү иш-чарасы өтөт. Быйыл ага Түркиянын Анкара, Стамбул жана Анталия аймактарында жашаган диаспора өкүлдөрү, дипломаттар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
8
9
10
11
Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү Изник көлүнүн жээгинде жайгашкан.
12
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин дал ушул Изник шаарында өтөрү кабарланды.
13
Изник шаарынын жалпы калкы 43 миңге жакын. Шаарда Көчмөндөр оюндарына атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча салынып жатканы айтылган.