5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.
Ак калпак менен Туунун зоболосу
Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди.
1
Ак калпак күнүнө байланыштуу майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык райондорунда уюштурулду.
2
Мектептерде, окуу жайларда калпактын мааниси тууралуу атайын сааттар өткөрүлүп, калпак жана башка улуттук кийимдердин көргөзмөсү, сүрөт сынактары, концерттер өттү.
3
Кыргызстандын башка аймактарында да Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар 3-марттан тартып өткөрүлө баштаган.
4
Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт.
5
Аны утурлай коомдук унааларда, ишкана, окуу жайларда калпак кийгендер көбөйөт.
6
7
Өткөн жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.
8
9
5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.
10