2017-жылдын жазында болгон жер силкинүүдөн Чоң-Алайдын Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылдан 630 турак жай зыянга кептелген.
Чоң-Алай: кырсыктан кийинки жашоо
Чоң-Алайда жазында жер титирөөдөн жабыркаган турак жай ээлеринин айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалоодо.
1
Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик 6 баллга жеткен катары менен болгон жер титирөөдө Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үйгө зыян тийген.
2
Жабыркагандарга кыргыз өкмөтү жеңилдетилген баада курулуш материалдарын берген.
3
Чоң-Алайда башка аймактарга салыштырмалуу суук эрте түштү. Айрым жерлерине кар жааган. Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары жаан-чачынга карабай үй куруп жатышат.
4
Жабыркагандарга эл аралык Кызыл Ай жана Кызыл чырым уюму гуманитардык жардам жеткирген.
5
Жуунучу жай.
6
Дээрлик ар бир үйдө Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясынын белгиси түшүрүлгөн чатырлар тигилген. Аны жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген.
7
Жабыркагандарга РСК жана Айыл банктарынан 50 миң сомго чейин күрөөсүз насыя бериле баштаган. Агахан фонду да көмөк көрсөттү.
8
Катуу суук түшкөнгө чейин үйдү бүтүрүп алуу аракетин көрүп жаткан Абдужалил Гаимов.
9
Жалгыз бой эне, 52 жаштагы Майрам Үмөталиева демөөрчүнүн жардамында жаңы үй тургузуп алды.
10
Кыргызстандык жарандар жардам катары 25 миллион сомдой каражат чогултуп, ал жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 39098 сомдон бөлүндү.
11
12
Жаңыланган үйлөрдүн бири.
13
Чоң-Алайдагы көчөлөрдүн бири.