Баткенде ажайып гүл - Айгүл гүлүн ачты. Кыргызстандын башка жеринде кездешпеген бул гүл дүйнөнүн 2-3 гана өлкөсүндө өсөт. Баткенде болсо облус борборунан 20 чакырымдай түштүк-чыгыш аралыктагы Айгүл-Тоодо апрелдин орто ченинде гүл ачат.
Ажарын ачкан Айгүл
1
Илимде Эдуард петилиуму деген ат менен белгилүү болгон Айгүл жаздын кап ортосунда, болгону 15-20 күндөй гана гүл ачып турат.
2
Жергиликтүү экологдор, табият коргоочулар гүлдүн аянты жылдан-жылга азайып, жоголуу коркунучуна кабылганына коңгуроо кагып келишет.
3
Жергиликтүү эл жыл сайын Айгүл гүлдөгөндө бул жерде гүл майрам уюштурууну салтка айлантып алган.
4
Быйылкы гүлмайрамга айрым чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери да катышты.
5
Гүлдүн жашын андагы коңгуроочолордун санынан билсе болот. Жыл сайын гүлгө бирден коңгуроочо кошулуп отурат.
6
Айгүл тоого жакын Кара-Булак айылындагы мектеп окуучулары өз демилгелери менен жашылдар тобун түзүп, гүл сезонунда Айгүлдү корукка алышат.
7
8
Айгүл гүл ачканда аны көргөнү алыс-жууктан келгендердин аягы үзүлбөйт.
9
10
Гүлмайрамды театралдашкан оюн-зооктор коштоду.