Баткен шаарында барымтага алынган тажик жарандарын бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. (SM)
Баткендеги тополоң
1
22-июнда Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундардын тобу түштөн кийин Тажикстандын 8 жаранын барымтага алышты.
2
Барымтага алынгандарды бошотуу операциясы учурунда милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар тарабынан каршылык көрсөтүлдү.
3
Окуя Баткен шаарынын ылдый тарабындагы Базар-Башы кварталында болду.
4
Чогулгандар милицияга каршы таш ыргытып, каршылык көрсөттү.
5
Тополоңдо ок атылып, бир милиция кызматкери жаракат алды.
6
Милиция элди таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ атты.
7
Барымтадагыларды бошотуу операциясы
8
Милиция бул тополоңду уюштуруунун башында турган делген 9 адамды кармап, калганы таратылганын кабарлады.
9
Барымтадагы тажик жарандары унаалары менен бошотулуп, Тажикстанга жөнөтүлдү.