Кыргыздын көптөгөн той-мааракелери же көңүл ачуучу оюн-зооктору негизинен эркектердин жигердүү катышуусу же жалаң эле эркектердин катышуусу менен өтөт. Бирок аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн жыйналыштар да жок эмес. Алардын бири – Супура салды жөрөлгөсү. Азыр анын такыр жоголуп баратканына жергиликтүү айымдар тынчсызданып жатышканына кабарчыбыз Төрөкул Дооров жакында Лейлек районундагы Көк-Таш айылына барган кезде күбө болгон.
Элеттик аялдар "супурасын жайганда"...
1
“Сурпа салдынын” башкы максаты тойго нан атап бышыруу – кылымдардан бери кыргызда сакталып келген салт.
2
Апалардын батасы, Көк-Таш айылы, Лейлек. 14-сентябрь, 2011
3
Супурасын жайып, апалар ун элгеп, эртеңки тойго нан жасашкан, 14-сентябрь, 2011
4
Көк-Ташта супураны бул ирет сүннөт тойго карата жайышкан, Лейлек району, 14-сентябрь, 2011
5
Супурасын жайып, апалар ун элгеп, эртеңки тойго нан жасашкан, 14-сентябрь, 2011
6
Бул күнү аялдардын жалаң эркектер тейлеши керек, 14-сентябрь, 2011
7
"Сурпа салды", Лейлек районундагы Көк-Таш айылы, 14-сентябрь, 2011
8
Бүайлар Сулайманова бул айылдагы көптөгөн "Супура салды" жөрөлгөлөрүн алып барат
9
Бул күнү аялдардын жалаң эркектер тейлеши керек, 14-сентябрь, 2011
10
"Сурпасы жайылып" бүткөндөн кийин кыз-келиндер, апалар көңүл ачып, ырдап-бийлеп отурушат.