Иран бийлиги ири демонстрацияларга байланыштуу Интернетти блоктоду. Ага карабай нааразылык акциялары учурунда бузулган имараттардын сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.
Тегерандагы азыркы абал
1
Тегерандагы акция учурунда күйгөн имараттар. Өкмөт күйүүчү майга болгон баа жогорулаганын айткандан кийин өлкөдө демонстрация башталган.
2
Ислам революциясынын коргоочулары корпусунун мүчөсүн акыркы сапарга узатуу. Ал Шахрияр провинциясында болгон нааразылык акциясында каза тапкан.
3
Тегерандагы май куючу станция. Ырасталбаган маалыматтарга караганда, демонстарция учурунда өлкөдө 200дөй адам өлгөн.
4
Шахриярдагы бузулган соода борбору. Ирандыктардын көбү, мындай жайлар 2018-жылы америкалык санкциялар күчүнө киргенден кийин "жабыр тартты" деп эсептешет.
5
Аялдар ирандык Шахриярдагы акция учурунда күйгөн Shahr банкынын жанынан өтүп баратышат.
6
Коопсуздук кызматынын каза болгон кызматкерин акыркы сапарга узаттуу. Шахрияр.
7
Шахрияр иштен чыккан банкомат.
8
Сүрөттөрдүн көбү 20-ноябрда тартылган.
9
Өрттөн кийинки имарат.
10
Ирандын улуттук банкынын Шахриярдагы филиалы нааразылык акциясынан кийин күйгөн. Ирандын өкмөтү атайын билдирүүдө нааразылык акциясын Тегеранга каршы Сауд Арабия, Израил жана АКШ уюштурган "кутум" деп сыпаттаган.