(Сүрөттөр "Kyrgyz USA Community" уюмунун мүчөлөрү тарабынан тартылган).
Америкалыктар асырап алган кыргыз балдар
АКШдагы “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму америкалык үй-бүлөлөр асырап алган кыргыз балдарын чогултуп, 20-21-июнда Вашингтондо “Кыргызстандын мурасы” деген аталыштагы атайын иш-чара өткөрдү.
1
Иш-чарага америкалыктар асырап алган кырктай кыргыз бала чогулду.
2
Бул жолугушууга балдардын ата-энелери менен бирге жүз чакты адам катышты.
3
"Кыргызстандын мурасы" аталышындагы иш-чара жыл сайын “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму, АКШдагы Кыргызстандын элчилиги менен бирдикте уюштурулуп келет. Бул жылы ага башка шаарлардан келген кыргыз журтташтар ыктыярчы катары катышты.
4
Уюштуруучулар жана ыктыярчылардын бардыгы улуттук кийимдерди кийип, чогулган бөбөктөргө кыргыздардын үрп-адаттары, салт-санаалары тууралуу кеңири айтып беришти.
5
6
7
"Кыргызстандын мурасы" иш-чарасына быйыл жети жаштагы Азамат да барды. Аны Пенсильвания штатында жашаган Шимкустардын үй-бүлөсү 2008-жылы асырап алган. Бирок андан көп өтпөй Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуусуна мораторий киргизилгендиктен баланы 2014-жылдын сентябрында гана алып кетишкен.
8
Азамат быйыл биринчи классты аяктады. Ал нышан (үстүңкү ээрди жырык) болуп төрөлгөн. АКШдан ага операция жасалып, учурда дарыланып жатат.
9
Азаматтын энеси Габриелла уулу абдан акылдуу жана сүйкүмдүү экенин айтат. "Уулубуз төрөлгөн элди жана жерди биз да абдан жакшы көрөбүз"-дейт ал. Азамат Эмерсон жана Грейсон аттуу эки карындашын аябай жакшы көрөт.