Чүйдө жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, төрт киши жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

9-сентябрда Токмок–Кошой автожолунун үчүнчү чакырымында болгон жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, дагы төрт киши жаракат алды.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаа түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан учурда “Субару-Аскент” машинеси карама-каршы тилкеге чыгып “Тойота-Вишти” сүзгөн.

“Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. “Субару-Аскенттин” айдоочусу жана үч жүргүнчү ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда быйыл январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болгон. Дагы эки миңден көп киши ар кандай жаракат алган. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы алгачкы ирет Азия кубогундаТажикстандын төрт жараны Мавританиядан кайтарылдыКыргызстандын президенти Дохадагы ракеталык чабуулдарды айыптадыИзраил Дохада ХАМАСтын жетекчилигине сокку урганын билдирдиТИМ кыргызстандыктарды Непалдагы нааразылыктардан улам коопсуздук чараларын сактоого чакырдыМамдума: Мигранттардын жакындарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу сунушталды