Америкалык белгилүү актер жана режиссер Роберт Редфорд көз жумду

Роберт Редфорд (солдо) Оскар сыйлыгын тапшыруу учурунда. 24-март 2002-жыл

Америкалык белгилүү актер Роберт Редфорд 89 жашында көз жумду. New York Times гезити ал Юта штатындагы үйүндө уктап жатып дүйнө салганын жазды.

Актердук карьерасын 1960-жылдары баштаган Редфорд 1969-жылы «Бутч Кэссиди жана Сандэнс Кид» деген тасмада башкы ролдун бирин аткарган. Маркум “Президенттин жан-жөкөрлөрү”, “Афера”, “Кондордун үч күнү”, “Африкадан”, “Тыңчылардын оюндары” фильмдери аркылуу таанылган.

1970-жылдары Голливуддун жылдызына айланган актер Оскар сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок албай калганы менен 1981-жылы “Кадимки адамдар” деген психологиялык драманын режиссеру катары абройлуу сыйлыкка татыган. 2002-жылы ага кино тармагындагы жетишкендиктери үчүн Оскар ыйгарылган.

1981-жылы Редфорд көз карандысыз кинонун "Санденс" институтун негиздеген. Юта штатында ошондой эле аталышта эл аралык кинофестиваль уюштуруп келди.

Маркум саясий активдүүлүгү менен да таанылган. Айлана-чөйрөнү коргоону колдоп, АКШнын климат боюнча Париж келишиминен чыкканын сындаган. Ошондой эле АКШнын түпкүлүктүү элинин, ЛГБТ жамаатынын укуктарын колдоп жүрдү.

Дагы караңыз

"Өзүбүздү садага чаап жатабыз". Парламентти таркатууга 32 депутаттан кол чогулдуБУУнун комиссиясы: Газадагы геноцид үчүн Израилдин жогорку жетекчилиги жооптууРамзан Кадыров Алла Пугачеваны "эл душманы" деп атады