Ооганстан: Зилзалада 20дан ашуун киши набыт болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарына жакын жайгашкан. Августтун этегинде Ооганстандын чыгышында магнитудасы алты болгон жер титирөө 2 миңден арбын кишинин өмүрүн алган.