АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейни 84 жаш курагында көз жумду

АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейни 84 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бир катар кабар агенттиктери жазды. Маалыматка караганда, жакындары ал өпкө жана жүрөк оорусунан кайтыш болгонун билдиршити.

Маркум 2001-2009-жылдары Жорж Буш-кенженин тушунда бул кызматты аркалаган. Чейни республикачылардын таасирдүү, ошол эле маалда карама-каршылыктуу саясатчысы катары белгилүү болчу. CNN телеканалы аны АКШнын Иракка басып кирүүсүндө маанилүү роль ойногон “терроризмге каршы күрөштүн архитектору” катары сыпаттайт.

Washington Post гезити Чейнини мамлекеттин тарыхындагы эң таасирдүү вице-президент деп атаган.

1980-жылдардын этегинде ал Жорж Буштун администрациясында Пентагонду жетектеген.

CNN маалымдагандай, Чейни жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркап келген, бир нече жолу жүрөгү кармаган. 2012-жылы жүрөк ооштуруу операциясы жасалган.

Дагы караңыз

Орусия Украинаны кайрадан дрондор менен жапырт аткыладыЭнергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү? Сот экстремисттик деп тапкан “Клооптун” операторлорунун ишин Бишкек шаардык соту карай баштады