Калың кардан улам Төө-Ашуу жана Ала-Белде тыгын жаралды

Ала-Белдеги (солдогусу), Суусамырдагы (ортоңкусу) жана Төө-Ашуудагы (оңдогусу) тыгындар. Видеолордон алынган скриншоттор.

4-ноябрда күндүз жана түнкүсүн жааган калың кардан улам Бишкек-Ош жолундагы өйдөлүштөрдөн автоунаалар чыга албай, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тыгын жаралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жолдо жүргөн айдоочулар кабарлады.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордон эки ашуунун чыга бериштеринде маал-маалы менен жүздөгөн автоунаа тизилип, жүрө албай калганын көрүүгө болот. Суусамырдын жолунда да толтура машинелер тыгында турат. Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда да кез-кезде транспорттор тыгылып калууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 4-ноябрдын таңынан тартып Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизген.

Мекеме кар жааган жерлерде жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. (ErN)

Дагы караңыз

Кырсык көбөйгөндүктөн жол тескөөчүлөрдүн башчысы кызматтан алындыЧогуу бараткан беш классташтын өмүрү кыйылды. Жол тар, машине көп "Арасында бир туугандар бар". Эки күндө жол кырсыгынан 12 киши каза тапты Таңкы Азаттык