Садыр Жапаров Мисирдин президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Мисир Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси. 2025, 5-ноябрь.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Каирде Мисир Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Президенттин администрациясы билдиргендей, жолугушуу алгач бетме-бет форматында өтүп, кыргыз-мисир мамилеси, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгараруу тууралуу сөз болду.

Тараптар ар кайсыл тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдиришкен. Жолугушуу кеңейтилген форматта да уланды. 5-ноябрдагы жолугушуу Каир шаарындагы "Ал-Иттихадия" президенттик сарайында болду.

Жапаров Каирге расмий сапар менен 4-ноябрда Мисир президентинин чакыруусу боюнча барган. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендик жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары экени белгиленген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бир жылдан кийин, 1992-жылы Мисир менен дипломатиялык алака түзгөн.

Кыргызстандыктар арасында Мисирде диний багытта билим алгандар көп. Мындан сырткары бул өлкөдө соода-сатык жагында иштеген кыргыз жарандары да бар.

Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 5,1 млн долларды түзгөн. Мунун 3 млн долларлык товарын Каир экспорттосо, 1,6 млн долларлык товарын Бишкек жөнөткөн. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК "Кызмат" мекемесинин кызматкерин коррупцияга шек санап кармады Суунун эсебин жакшыртууга 2,7 млн доллар бөлүнөтТаласта 12 миллион сомду мыйзамсыз иштетүүгө шектелген үч аткаминер кармалдыОрусиянын эки аймагында энергетика объектилери чабуулга кабылды