Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) тик учагы жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
6-ноябрдын таңында жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкери), 6 техника издөө жана куткаруу иштерин аткарууда.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнө тыгылып калганын айтып, жардам сураган. Ушул эле күнү ашууга министрликтин 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана China Railway International компаниясынан 4 адам чыгышкан. ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылды.
Жолду ачууга кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик 2 техникасы дагы тартылды.
Мекеменин билдиришинче, ашуудагы бул унаа жолу быйылкы жылдын 1-октябрында жергиликтүү бийликтин тескемесинин негизинде жабылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен. 4-ноябрда күндүз жана түнкүсүн жааган калың кардан улам Бишкек – Ош жолундагы өйдөлүштөрдөн автоунаа чыга албай, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тыгын жаралган. (КЕ)