Бишкек соту Жоомарт Карабаевдин эркиндигин үч жылга чектеди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкек шаардык соту активист, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин үч жылдык пробация жазасын күчүндө калтырды. Ага “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган. Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу.