Жымжырт пейзаж. Тоолуу Карабактын азыркы көрүнүшү

Азербайжан президенти Илхам Алиев 2025-жылы май айында атайын аземде жашыл тасманы кесип, Лачин аэропортун ачкан. Бул 2021-жылы Баку этникалык армяндар менен согушта кайтарып алган аймактагы үчүнчү аба майданы.

Бири-биринен бир канча чакырым алыс жайгашкан үч аэропорт дээрлик колдонулбайт. Тоолуу Карабакта жана анын чет жакасында курулуш иштери жүрүп жатат.

Лачин аэропорту 2025-жылдын май айында расмий ачылган.

100 миңдеген этникалык армян Бакунун аскердик чабуулунан кийин Карабактан толук чыгып кеткен. Куралдуу кагылышуулар 2023-жылы сентябрда, Азербайжан аймакка толук көзөмөл орноткондон кийин токтогон.

Тоолуу Карабактан этникалык армияндар чыгып кеткенге чейин Шушадагы Ыйык Куткаруучу чиркөөсүндө сыйынып жаткан эркек. 2020-жыл.

Тарыхый жактан алганда Тоолуу Карабакта этникалык армяндар байырлап келген. Советтер Союзу урагандан кийин аймак Азербайжандын карамагында калган.

Баку 1980-жылдардын аягында тутанган Карабактагы биринчи согушта качкан азербайжандар өз аймагына кайра кайтканын жарыялаган.

Кайра кайтарылган Агдерин району. Азербайжан. 2025-жыл, март.

Алиевдин администрациясы тараткан сүрөттөрдө Тоолуу Карабакта жаңы ачылган объекттердин жанында жооп топ адамдар жүргөнү тартылган. Бирок аймактан алынган аэрофотосүрөттөрдө алар бош турганын көрүүгө болот.

Лачин районундагы район, Азербайжан, май, 2025-жыл.

Азербайжандык экономист Тогрул Велиев "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айткандай, Баку аймакка 30дан 40 миңге чейин азерилер кайтканына ишендирип келет. Бирок райондо ары-бери каттоого чектөө коюлгандыктан "так маалыматты табуу кыйын".

Агдам районундагы үйлөр. Азербайжан. 2025-жыл.

Маттео Чивиллини - бул аймакка барган италиялык журналист. 2024-жылы апрелде өткөн Климаттык саммит алдында ал Тоолуу Карабакка барып, репортаж даярдаган.

Лачин районундагы эс алуу базасы.

Чивиллини пресс-тур алкагында документтерди тыкыр текшерген бир канча көзөмөл өткөрмө пункттан өткөнүн айтат. "Ал жакта адамдардын аз жашаганы таң калтырды", - дейт ал.

Анын айтымында, аймакта "сюрреалистик, жеңил антиутопиялык маанай" өкүм сүрүп турат.

Агдам районундагы айыл, май, 2025-жыл.

Чивиллини жолдо бир канча машинени көргөнүн айтууда. "Курулуш масштабы менен аны пайдалануу коошпойт", - деп кошумчалады ал.

Комплекс железнодорожной и автобусной станции в Агдаме, май 2025 года

Карабактагы биринчи согушта качкан адамдарга аймакка кайра көчүп барса, мамлекет эсебинен турак жай сунушталган. Мурдагы жашоочулардын көбү кайткан күндө да аймакта жумуш жоктугун айтышууда.

Президент Илхам Алиев (солдо) Шушадагы концертте, сентябрь, 2025-жыл.

Лачиндин мурдагы жашоочуларынын бири маегинде "Мен кайтпайм, анткени Бакуда менин ишим бар" дейт. Ал эми аймакка кайткан азерилер туулган айылы курулуштардан улам таанылгыс болуп өзгөрүп, Дубайга окшошуп калганын айтышат.

Агдамдагы жаңы оңдолгон мечит. Азербайжан

Хожалы айылынан 1990-жылы качып чыккан мурдагы жашоочу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматына "Бийлик кооз объекттерди салып, бирок ал жакка тоок багууга да уруксат бербей жатат. Биз мурда Москвада эмес, айылда жашаганбыз да", - деп айткан.

Тоолуу Карабак аймагындагы Ханкенди шаарындагы Жеңиш аркасы. Мурда бул шаар Степанакерт деп аталчу.

Болжол менен Тоолуу Карабакты жана анын чет жакасын кайра калыбына келтирүү үчүн 19,5 миллиард доллар керек.

Агдерин районундагы суу сактагычтын жанындагы жакында эле курулган шоссе, 2025-жылдын март айы.

Экономист Велиев курулуш мунайдан түшкөн доллар эсебинен жүрүп жатканын, бул "ресурстарды бөлүштүрүү" экенин айтты. "Мурда акчанын баары Бакуга жамалчу, азыр Карабакка кетүүдө", - дейт ал.