"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Парламент билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин 1-мартта колдоп берди. Билим берүү жана илим министрлигине жаңы жетекчи дайындалганы билим берүү системасын реформалоо сунуштары кайрадан айтылып жатат. Билим берүү тармагына кандай реформа керек?
Кыргызстанда жер мунапысы тууралуу жобо чыккандан бери 86 миңге чукул адам арыз жазып, үй салып алган жерлерин мыйзамдаштырууну көздөп жатат. Учурда миң кишинин колуна менчиги тууралуу документ тийген. Өкмөт эки жылда турак жайга кызыл китеп берүү жараянын соңуна чыгара алабы?
Кыргызстандыктар 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүн майрамдап жатат. Совет мезгилинде Кызыл Армиянын жана флоттун күнү деп аталган бул майрамдын кайра белгилене баштаганына 20 жыл болду. Мындай майрамдарда окуучуларга аскердик кийим кийгизүү адаты жайылууда.
Бишкекте “Кыздар билим жана илимде: Чакырыктар жана тобокелдиктер!” деген иш-чаранын алкагында даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Алардын бири ооган кыздарынын билимге болгон умтулуусун чагылдырат.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Анда "Вечерний Бишкек" басылмасы "Кактус медианы" жалган маалымат таратты деп айыптап, 50 миллион сом талап кылууда.