"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
“Данисте” көрсөтүүсү ар дүйшөмбү Кыргызстандын булуң-бурчунан окуяларды, кызыктуу репортаждарды жана данектүү адамдар тууралуу видео баяндарды сунуштайт.
Кой-Таш окуясына байланыштуу күч органдарынын жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып арыздангандар Аскер прокуратурасында сурак беришти. Алар 22-сентябрь, дем алыш күнгө карабай бир нече сааттан суралышканын, тергөөчүлөр басым-кысым кылып жатканын айтып арызданышты.
7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылган.
Баткенде куралдуу жаңжалдан качкан элдин абалы. Нарында талаада жалданып иштеп, алты баласын баккан эне. Жалал-Абаддагы зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга психологиялык колдоо көрсөткөн борбор. Москвада ашлям-фу ашканасын ачкан жубайлар.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казууга берилип кеткени тууралуу маалыматты четке какты.
Баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Ал эми жабырлануучунлардын жакындары соттон адилеттүү чечим талап кылышууда. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышты. Андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жабыр тарткандардын жакындары менен жолугушуу өткөрдү.
Үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр үчүн күндүзү окуп, түнү иштеген сезон башталды. Кадамжайда узундугу 7 миң 300 метрлик жаңы суу канал курулуп жатат. Чет жакта белгиленген эгемендик майрамы. Жыргалаңда жыргап эс алган туристтер.
Аалам менен эски кайык аркылуу байланышкан Кызыл-Бейит айылындагы баёо турмуш. Катмандуда Кыргызстандын волейбол курамасы, Челябинскиде эки кыргыз мушкери чемпион аталды.
Жыпар Түкеева 40 жылдан бери мугалимдик кесибин аркалап келет. Ал эки жылдан бери Чаткал районунун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан Чакмак-Суу орто мектебине барып иштейт. Беш күн мектеп директорунун үйүндө жатып балдарга билим берет. Ысык-Көлдүн кызы Жыпар эженин Чаткал өрөөнүнө кандайча барып
Биринчи май райондук соту бүгүн, 20-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Райондук соттун көчмө жыйыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында жабык өттү. Атамбаевдин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы кийинки
«Африка сомун» Ошко алып келген балыкчы чарбакер. Ат-Башынын дүйнөлүк сыйлык алган ак балы кантип топтолот? Өмүрүн искусствого арнаган алайлык устанын жеке музейи. Волейболду жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары эсептеген айымдар.
Мурдагы президент Атамбаевди 8-август күнкү кармоодогу мыйзам бузуулар боюнча адвокаттын арызын кароону Биринчи май райондук соту дүйшөмбүгө которду. Ушул эле күнү Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соттун мурдагы чечимин Бишкек шаардык соту карап, күчүндө ка
Бишкектин үстүндөгү Кой-Таш жана Арашан айылдарында 7-8-августтагы окуядан кийин карапайым элдин турмушу күнүмдүк ыргакта өтүүдө. Анткен менен айылдыктардын айтымында, дагы деле көчөгө ээн басуудан чочулап турушат. Ушул тапта Кой-Таштагы окуяларга катыштыгы бар деп шек туудурган тургундарды күч орга
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин төрт тарапкеринин бөгөт чарасы аныкталды.
Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал “Форум” имаратына келген күч органдары телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат.
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында куткаруучулар аз, эл ага нараазы. Жетимдер үйүндө өсүп, майыптар интернатында жашап жаткан үч курбуну тууган кылып үйүндө баккан ардагер. Пикетке эмес, китепке кел. Жаштар Бишкектин Ала-Тоо аянтында китеп окуу акциясын башташты.
“Башыма пакет кийгизип, түнү менен уруп-согуп чыгышты. Акыры алар койгон кылмышты мойнума алдым”. Кыргызстанда “милициядан кордук көрдүм” деп акыйкат издеген ондогон адамдардын окуясы ушинтип башталат. Бирок, эгемен өлкө тарыхында укук коргоо кызматкерлери “кыйноо” беренеси менен жоопко тартылган 2-
6-июлда Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолугушту.
Дагы жүктөңүз