"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
6-ноябрда Вашингтондо өтө турган "АКШ - Борбор Азия" C5+1 саммити чөлкөмдөгү геосаясий жана экономикалык алакаларды талкуулоого багытталган.
Израил армиясы Газа шаарын толук басып алуу үчүн даярдыкты күчөтүп, бир миллиондой тургунду жер которууга мажбур кылууда. Палестин анклавындагы кыйын кырдаал, жарым миллиондой киши ачарчылыкка дуушар болуп жатканы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды.
Бейшембиге караган түнү Орусия ракета жана дрон менен украин шаарларына чабуул койду. Киевде көп кабат үй жарым жартылай талкалаанды, бир нече райондо имараттар зыян тартты. Баш калаанын бийлиги кеминде 15 киши - анын ичинде төрт бала набыт болуп, 50гө чукул адам жараат алганын билдирди.
Кыргызстандын Жеңиш чокусунда бутун сындырып, 7100 метр бийиктикте калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу аракеттери азырынча токтогон жок. Эл аралык топ кайра дрон учуруп, сегиз күндөн бери жалгыз жаткан аялдын абалынан так маалымат алууга аракеттенет.
Украинадагы урушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский жолугушары мүмкүн деп турганда Москва кандуу чабуулдарын улантууда. Орус армиясы өткөн түнү Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Москванын бутасына Украинынан батышындагы облустар, анын ичинде Львов жана Мукачево шаарлары алынган.
Миңдеген израилдиктер жекшембинин кечинде Тель-Авивде нааразылык акциясына чыгышты. Бул Газа тилкесинде барымтада отурган туткундардын жакындарын колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча башталган иш таштоонун бир бөлүгү болду.
Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Быйыл апрелде импичмент жарыяланып, ага чейинки "бийлигинине аша чапкан" деп айыпталган экс-президенттин жубайы көз боёмочулук кылган, пара алган деп айыпталууда.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун билдирген. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
Биз тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Дүйнө жүзүндө 280 миллиондон ашуун киши же Жер бетиндеги калктын 3,65% мигрант болуп бөтөн элде жүрөт. Жакшы жашоо издеп, сыртка кеткендер аларды кабыл алган өлкөлөрдүн жана өз мекенинин экономикасына эбегейсиз салым кошот.
Баку шаарында COP29 саммити cоңуна чыкты. Эки апталык жыйын эмне менен аяктады? Дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар берип турууга макул болду. Бирок бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратып, айрымдар саммиттен эч кандай майнап чыккан жок деп баалашты.
Кыргызстан эгемендигинин 33 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылдары өлкө өнүгүүнүн жолун издеп, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жана саясий туруксуздукту башынан кечирди. Алдыга жылуу да, артка чегинүү да болду.
Өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялады. "Азаттык" бул маалыматтын чын-бышыгын иликтеп көрдү.
Жекшембинин кечинде орус күчтөрү Украинанын түштүгүнө дрон чабуулун улантты. Анын алдыңкы түнү да Украинанын аймактары жапырт соккуга кабылган. Учкучсуз “Шахед” аппараттары баш калаа Киевди жана өлкөнүн бир катар борбордук жана түштүк райондорун бутага алган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсонго курган маеги алдын ала катуу жарнамаланды. Москвада кремлчил журналисттер америкалыктарга «чындыкты көзгө сайып көрсөтүп берем» деген Такердин артынан калбай ээрчип жүрүштү. Эки сааттык маекте Путин эмнелерди айтты?
7 миллион калкы бар тоолуу Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө, анын таасиринен пайда болгон жаңы реалдуулукка кантип ыңгайлашууда? Кыргыз бийлиги энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну көбөйтүү планы бардыгын, чакан ГЭСтер менен күн, шамал энергиясына басым жасарын жарыялады.
Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун “Тез жардам” бригадасы Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады.
Дагы жүктөңүз