"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Блогер Арсен Базарбаев дээрлик үч айдан бери Кыргызстанды жөө кыдырып жүрөт. Эңилчектен сапарга аттанган блогер Баткендин Зардалысына чейин жөө жетти. Ал ушундай жол менен мекенинин кызыктуу жерлерин көрсөтүп, башкаларга тааныштырууну көздөйт.
Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасын тактоонун жүрүшүндө алмашылган Достук айылынын тургундарын жаңыдан түптөлгөн Жаңы-Достук айылына көчүрүү башталды. Бул алмашуунун алкагында 257 үй көчүрүлмөй болгон. 1-ноябрга чейин Достуктун тургундары жаңы түптөлгөн конушка толук көчүрүлүп бүтөт.
Баткендин чек арага жакын Кара-Бак айылынын тургуну Үринса өрүктөн курут жасап, Орусияга чейин сатып жатат. Органикалык азык жасап, калдыксыз иштетүүгө жетишкен Үринсага коомдук уюм колдоо көрсөткөн.
Кыргыз-тажик чек арасы такталгандан кийин эки тараптан бири-бирине өткөн турак-жайларды, обьектилерди каттоо иштери уланууда. Сентябрга чейин эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин аягына чыгарган.
Чек ара такталганда Тажикстандан кыргыз тарапка берилчү 190дон ашык турак үйдүн 45и өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жараяны башталганын райондук бийлик ырастады. Учурда эки тараптын жумушчу тобу алмашыла турган объектилерди тактап, каттоого алып жатат.
Апта башында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугуп, чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен эки тараптан тең алмашууга макулдашылган айылдарды көчүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланганы маалым болду.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын 90 чакырымына зым тартылды. Ушу тапта чек ара тилкесиндеги калктуу конуштарга жакын өткөн чек ара сызыгы тосулуп жатат. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, чек арага зым тартуу Ворух анклавынын айланасына жетип калды.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн жаңы конуш түптөлө баштады. Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй көчүп келет.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн Бужум айылынын Чет-Булак жерлигине жаңы конуш түптөлүп баштады. Ар бир турак жайга 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй-бүлө көчүп келет. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тактоодо айрым тилкелерин алмашты.
Баткен районундагы Достук айылынын тургундарын Баткен шаарына жакын жердеги Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү турак жайдын курулушу жакынкы күндөрү башталарын, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын "Азаттыкка" билдирди.
Баткендин Достук айылынын элин Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бийлик аларга үй салып, бардык шартын түзүп берүүнү убада кылды. Президент Жапаров чек ара маселеси кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилерин айтты. "Азаттык" Достук айылындагы эл менен жолугушууга катышты.
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал эми жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал тапта жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча алгачкы маалыматтарды Баткенде жергиликтүү тургундар да талкуулап жатышат. Аларды "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров кепке тартты.
Баткенде кургатылган өрүктүн негизги бөлүгү Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага жакын турган Кара-Бак айылында өрүк базарында соодаланат. Бирок акыркы жылдары чек ара жабылганынан улам Тажикстандан кардарлар келбей, соода кызыбай турат.
Баткендин чек арага жакын айылдарында азык-түлүк жарманкеси өтүп, ага өзбекстандык фермелер да катышты. Жергиликтүу тургундар соода алакалары баанын арзандашына жана айрым айыл чарба азыктарынын жеткиликтүү болушуна шарт түзөрүн айтууда. Кыргызстан коңшуларынан эмне сатып алат?
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасы такталганы кабарлангандан бери 2021-2022-жылдардагы жаңжалдан кийин кооптонуп жүргөн тургундар үйүнө кайта баштаганын "Азаттыкка" айтып беришти. Президент Садыр Жапаров "Азаттыктын" кабарчысы даярдаган баянга улай чек арадагы талаштуу тилкелер кандай чечилгенин түшүндүрдү.
Өзбекстандын Сох анклавына жакын жайгашкан Бөжөй айылынын тургундары карым-катнаш, соода-сатыкта дале чоң көйгөй бар экенине кабатыр. Район борборуна баруу үчүн анклавды аралап өтүүгө туура келет. Жергиликтүү бийлик альтернативалуу жол бардыгын, соода-сатык ээн-эркин жүрүп жатканын белгилейт.
5-январь күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Арка-2 айылында белгисиз зат жарылып, эки адам жараат алды.32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жактанда жарылуу болгон. Алдын ала маалымат боюнча жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн.
Дагы жүктөңүз