"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Талдоочулар шайлоодо негизги атаандаштык он чакты партиянын ортосунда болорун божомолдоп жатышат.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки күн Нарын облусунда жумуш сапарында болду. Анын алкагында президент Теңир-Тоодогу чакан ишканаларды кыдырды.
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
Шаардык сот Улуттук тарых музейи жана ипподром боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Сандан сапатка өтүүнү көздөгөн Урмат Акунов “Голштино” тукумундагы уйларды сатып алып чарбасын кеңейтүүдө. Ал короосунда көп жылдан бери багып жүргөн кадимки уйларын сатып, ага кошумча төрт жарым миллион сомду банктан насыяга алып, асыл тукум уйларды өткөн жылы сатып алган. Банктан алган акчага сарайларын оңдоп, тоют топтоо үчүн техникаларды алган.
Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр аралыктан өтүп жаткан сотко нааразы болушту.
Аңчылык сезондо тоо текеден эле 700 баш жана 120 аркар-кулжаны атууга лицензия берилди.
Иштен кеткен кызматкерлер «жазгандарыбыз бийликке жакпай калды» деп жүйө келтирип жатышат.
Нарын облустук соту 4-августта аялын ур-тепкиге алып өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун тургуну, төрт баланын энеси күйөөсүнүн таягынан каза болгон.
Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» экс-депутат Равшан Жээнбековдун иши боюнча бийликке кайрылды.
Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын иш жамааты мекеменин жетекчисине нааразылыгын билдирип келет. Алар мурда энергетика тармагында иштебеген адам саясий колдоо менен кызматка дайындалып, ишканада өзүм билемдик саясат жүргүзүп жатканын айтышууда.
Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү.
Кыргызстанда таажы вирусунан каза болгондор азайган менен аймактардагы абал тынчсыздандырууда.
Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты.
Саламаттык сактоо министрлиги "коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты" деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
Соттук коллегия эки жазык ишти видеобайланыш аркылуу карады.
Кыйноого каршы коалиция абакта жаткандар боюнча Жогорку сотко кат жолдоду.
Коронавирустан каза болгондордун дээрлик жарымы - элеттиктер.
Кыргызстанда COVID-19дан жана пневмониядан көз жумгандардын жалпы саны 1003 болду.
Дагы жүктөңүз