Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окутуу талабын киргизип жатат. Буга чейинки үч айлык окуу токтой турганы белгилүү болду. Демилгечилер муну менен жол кырсыктарын алдын алуу максаты коюлуп жатканын белгилөөдө.
Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк үчүн 14 ай окутуу талабын коюуда. Үч айлык окуу токтой турганы айтылды. Негизги максат - курч көйгөйгө айланган жол кырсыктарын азайтуу экени белгиленди. Менчик авто мектептерди жоюп, окуу мөөнөтүн 14 ай кылып узартып коюу менен маселе чечилеби?
Соңку эки-үч күндө жол кырсыгынан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылды. Ош–Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан машине менен жеңил автоунаа кагылышканда беш киши мүрт кеткен. Алардын тажиясынан кайтып келатканда дагы беш киши каза болгону кабарланды. Ага чейин Бишкек–Ош жолунда дагы эки киши көз жумган.
Кыргызстанда соңку бир суткада эле жол кырсыгынан жети киши каза болду. Адистер айдоочулар өзүнүн жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасап жатканын белгилешет.
Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөтүп, арыз тапшыруунун мөөнөтү соңуна чыкты. 30-октябрда түшкү саат 1лер чамасында алардын саны 560ка жеткен. Боршайком кыска мөөнөттүн ичинде жүздөгөн арызды кароого жетишеби?
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыкты. Мыйзам коомдук талкууга чыккандан кийин жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыгууда
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди. Бул туурасында ал 23-октябрда Нарынга болгон сапары учурунда айтты.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын окуясы коомдук жайлардагы коопсуздук маселесин козгоду. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кандай адамдар зомбулук көрсөтүүгө жакын болоорун, алар кимдерге кол салаарын талдап, жеке коопсуздук боюнча практикалык кеңештер менен бөлүшөбүз.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар жазага тартылган Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыкты.
Ош мэриясынын маалыматында, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган талапкерлер саны 305ке жетти.
Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы чоң жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган Ноокат районунун акимин камакка алды.
Ички иштер министрлиги Ак-Ордогу эки адамдын өлүмүнө шектүү жаран качууга аракет кылып, жок кылынганын кабарлады.
Өткөн жумада мурдагы баш прокурор Аида Салянова Фейсбук баракчасына 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу түз эфир уюштурарын билдирген. Салянова анда 11 жыл мурда болгон кылмыштын Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай байланышы барын айтмакчы болгон.
ЖК өзүн өзү таркаткандан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо күнү 30-ноябрга белгиленди. Эки айдан кийин өтө турган добуш берүү жаңы мыйзамдын негизинде уюштурулат. Барган сайын шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөөдө. БШК талапкерликке арыз жазгандарды жарыялай баштады.
17 жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу талкуулар токтой элек. Бул үрөй учурган окуя кыргыз коомунда резонанс жаратып, укук коргоо, сот тармагына курч сындар айтылууда. "Азаттыктын" кабарчылары каргашалуу окуя болгон жерге барып келди.
Кыргызстанда психиатриялык ооруканада жатып кылмыштуу топ түзгөн деп 40 жаштагы киши камакка алынды. Милициянын маалыматында, жети жыл мурун укук коргоо органынын мурдагы кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган жаран жазадан качуу үчүн “акыл-эсинен айныган” деген жасалма аныктама алган.
Орусиянын Красноярск аймагында полиция борборазиялык мигранттар чогулуп, концерт өтүп жаткан жайга бастырып кирип, рейд жүргүзгөнү талкуу жаратууда. Алардын арасында кыргыз жараны дагы болгонун Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Өткөн айда орусиялык альпинист Наталья Ногавицинанын Жеңиш чокусунда бутун сындырып алып, 7200 метр бийиктикте калып кеткен окуясы кыргыз тоолорундагы альпинизм, андагы тагдырлар тууралуу кызыгууну күчөттү.
Дагы жүктөңүз