"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Киевдин мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн тарабында cогушуп жүрүп каза болгон теги кыргызстандык делген 143 кишинин тизмесин жарыялады. Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек.
Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
Өзбекстанда немис тилинин курстарынын кадыры артууда. Тилди негизинен акыл-эси токтолуп калган, эмгекке жарамдуу адамдар окуп жатат. Алар Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын укугун тынымсыз бузган рейддерден улам иштей турган башка багыттарды издешүүдө.
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооп Медианын” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести.
Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айтып даттангандар да бар. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери 20дан ашык арыз түшүп, 18 адам ботокс процедурасынан кийин ууланганын билдирген.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.
Аскер прокуратурасы Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө асынган абалда табылган жоокердин өлүмүн иликтей баштады.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды.
УКМК активист Тилекмат Куреновдун сотко беткап тагынып, таяк таянып, аксап келгенин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырып, "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү жокко чыгарды. Социалдык тармактарда активист беткап кийип, таяк таянып, аксап келаткан видео тараган.
Акыйкатчы институту 18ге чыга элек кыздардын турмушка чыккан же ошого мажбурлаган учурлары көп кездешип жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу кыргыз бийлигин абакта жаткан акын жана журналист Азамат Ишенбековду эч кандай шарт койбой токтоосуз бошотууга, журналист Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровдун пробация өкүмүн жокко чыгарууга чакырды.
Бишкек мэриясы Киргизия конушунда "кызыл сызыктагы" үйлөрдүн короолорун буза баштады. Буга чейин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү сүрдүрүлөрү айтылган. Жол кеңейтүү деген негизде башка аймактарда да курулуштар бузулуп, менчик укугу бузулганын айткандар нааразы болууда.
Бишкек мэриясы Киргизия конушундагы "кызыл сызыкка" чыгып кетти делген үйлөрдүн короолорун буза баштады. Жогорку Кеңеште бир топ депутат Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырды.
Кыргызстанда быйыл сентябрдан тартып жол эрежесин бузган айдоочу токтотулган жеринде эле жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Мындай талап коомчулук жана талдоочулар арасында түрдүү пикир жаратууда.
"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхта калган Март окуясына 20 жыл болду. 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу нааразылыктын арты бийлик алмашууга алып келген. Саясий системага нааразы болгон эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлигин кулаткан.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Бир жыл мурун Бишкекте киши колдуу болгон 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты. 13-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту бул боюнча Кирилл Дамировду Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен айыптуу деп таап, 15 жылга эркиндигинен ажыратты.
Дагы жүктөңүз