27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул долбоорлордун ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.
“Журналисттерди коргоо комитети” 2025-жылдагы Эл аралык басма сөз эркиндиги сыйлыгын иликтөөчү журналист Болот Темировго ыйгарды. Абройлуу сыйлык быйыл Кытай, Эквадор, Кыргызстан жана Тунис өлкөлөрүнөн чыккан каарман журналисттерге берилди.
“Эмнести Интернешнл” укук коргоо уюму абакта отурган журналист Махабат Тажибек кызын бошотуп, ишин кайра кароого чакырган петиция жарыялады. “Айт, айт десе” жана Темиров LIVE долбоорлорунун директору “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, былтыр алты жылга кесилген эле.
Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо башталды. Октябрь райондук соту июлда аны “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “кастыкты козутуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган.
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү, медианы түзүүдө чет өлкөлүк уюмдардын катышын чектөө сыяктуу бир нече нормаларды камтыган.
“Клооп Медиа” басылмасынын "жапырт башаламандыкка чакырык жасоого" шектелип жаткан кызматкерлеринин ишин сот карай баштады. Эки айдан ашуун тергөө абагында отурган медианын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов, эки эсепчиси бул иште айыпталуучу катары өтүп жатат.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты дарыгерлери сабалган окуялардан улам бийлик башчыларына кайрылды. ЮНИСЕФ уюму Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатканын эскертти. Кыргызстан 12 жылдык окутууга өтүп, тиешелүү министрлик ага даярдыктарын дале улантууда.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамга президент кол койду. Эми он күндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Апрель" телеканалынын ишмердигине байланыштуу жараян аяктап калды. 7-июлда тараптар жарыш сөз башталмак, бирок сот 9-июлга жылды. Прокуратура телеканалды юридикалык жак катары толук жоюп, социалдык тармактардагы баракчаларын жабууну максат кылууда.
Бишкектин Октябрь райондук соту журналист Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап алты жылга кесип, төрт жылдык пробация менен абактан чыгарды.
Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотто прокурор журналистти 8,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сурады. Буга байланыштуу социалдык тармактарда нааразы пикирлер жазылды.
Дагы жүктөңүз