Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы 28-декабрда чак түштө Ош аба майданына конуп жатканда кырсыкка кабылды.
Ошто учак кырсыкка учурады
1
Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы 28-декабрда чак түштө Ош аба майданына конуп жатканда кырсыкка кабылды.
2
Бактыга жараша учак кырсыгынан мерт болгондор жок, бирок жеңил жаракат алгандар бар.
3
Кырсык түшкү саат бирге жакын болгон. Маалыматка караганда, учак кырсыкка саат 12:49да Ош аба майданына конуп жаткан учурда кабылган.
4
"Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов "Азаттыкка" учак конуп баратканда тилкеден чыгып кеткенин, жүргүнчүлөр эсен-соо экенин, бирок учак жарабай калганын билдирди.
5
6
Аба майданга барган кабарчыбыз учак аңтарылып, бир канаты үзүлүп кеткенин кабарлады.
7
8
Учактын ичинде экипаж мүчөлөрү менен кошо 82 адам болгон. Арасында балдар да бар.
9
Саламаттыкты сактоо министрлиги кечки саат бешке карай тараткан маалыматына караганда, бул кырсыктан жалпысынан 26 адам жабыркаган. Алардын жаш курактары 4 жаштан 34 жашка чейин.
10
Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Ошто ошол учурда күн бүркөк болуп, туман каптап турушу да кырсыкка себеп болушу ыктымалдыгы болжолдонууда.