Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады. Экинчи инстанциядагы соттук кароого маркумдун жакындары жана мамлекеттик айыптоочунун райондук соттун чечимине макул эместиги себеп болгон.
Буга чейин Өзгөн райондук соту Эралиеванын күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан эле. Маркумдун жакындары кылмышка айыпталып жаткан жарандын өмүр бою кесилишин талап кылууда.
Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу сот отурумуна маркумдун жакындары, кылмышка айыпталган жарандын туугандары, журналисттер катышты.
Анда окуяга күбө катары тартылган жарандар суралды. Эралиеванын бир тууганы Айжамал Махаммадова эжеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, сот ушул жагдайларга көңүл бурушу керектигин айтууда.
“Биринчи жолу ок чыгарганда колуна тийген. Тизесинде, колунда көк ала тактар бар болчу. Аткандан кийин эжем качканга аракет кылган, аны сүдүрөп киргенби, билбейм. Кошунасынын айтымында октун добушу үч жолу угулган. Тергөөчүлөр эки эле жолу ок атылган дешкен”.
Өзгөн райондук соту Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу 31-июлда өкүм чыгарып, анын күйөөсүн 18 жылга кескен.
Маркумдун бир тууган агасы Нуркамил Эралиев да кылмышка айыпталган күйөө баласын өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды.
“Мен адилеттүү чечим чыгышын суранам. Бул жаранды өмүр бою эркинен ажыратып берсин. Сотторго, президентке кайрылам ушул жерден. Жеткирип берүүңүздөрдү суранам”.
Ишти тергеген Ош облустук милициясы шектүүгө “Адам өлтүрүү”, “Курал-жаракты мыйзамсыз сактоо” беренелери менен айып таккан.
Эралиеванын ишинде жактоочулук кылган адвокат Өмүрбек Сыдыков сотко чейинки өндүрүш учурундагы жагдайлар боюнча тергөөчүгө каратасуроолор жаралганын айтып, мындан улам бүгүн отурум жылдырылганын билдирди.
“Кийинки соттук отурумдун мөөнөтү биздин өтүнүчүбүз боюнча жылды. Тергөөчүнү чакырып, айыпталуучуга койгон беренеси боюнча суроо берүү үчүн жылдырылды. Ал жерде тергөөчүгө суроо жаралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш учурунда “Адам өлтүрүү” беренеси коюлуп, анын экинчи бөлүгүнүн 3-пункту менен айыбы угузулган. Эмне үчүн 7-пункту угузулган эмес деген суроо жаралып жатат. Ал пунктта “өзгөчө мыкаачылык менен” деп каралган. Ошого тактоо зарылчылыгы чыгып жатат”.
Айзиректин беш баласы азыр атасынын туугандарынын колунда. Сот отурумуна күбө катары балдардын бири да келген.
Баланын жаш курагы эске алынып, жараянда ал күбө катары сураган жок. Айыпталуучунун жактоочусу Мээрим Русланова райондук соттун чечими деле катаал болгонун айтып, күбөлөр толук суралбай калганын билдирди.
“Жабырлануучу тарап оор жоготууга учурагандыгына байланыштуу ушундай жазаны талап кылып жатат деп ойлойм. Мен алардын ички жан дүйнөсүн түшүнүп жатам. Бирок укуктук баасын карап көргөндө өтө оор жаза берилди деп эсептейм, биринчи инстанцияда эле. Мындай иштер үч-төрт айга чейин созулуп каралыш керек эле. Райондук сот күчкө салып эле, күбөлөрдү толук суроо жөнүндө өтүнүчүбүздү эске албай чечим чыгарып койду деп эсептейбиз”.
Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек Эралиева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.
Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары көп катталып жатат.