Ишембиде маркум журналист Мелис Эшимкановдун 50 жылдыгына карата Бишкектеги Улуттук филармонияда эскерүү кечеси өттү. Эшимканов атындагы сыйлык биринчи жолу журналист, публицист Алым Токтомушевге ыйгарылды.
Эшимкановду эскеришти
1
Адам Эшимканов, уулу, 7 жашта: Бардыгыңыздарга чоң рахмат! Атамды унутпагыла...
2
Мелис Эшимканов - чыгаан журналист, тажрыйбалуу саясатчы жана коомдук ишмер. Ал 1990-жылдары советтик жасалма жана тажатма журналистикадан заматта карапайым элдин сөзү менен сүйлөгөн гезитти чыгарып, жумурай журтка дүң салган.
3
4
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев
5
Эшимканов атындагы сыйлыктын биринчи жеңүүчүсү - журналист, публицист Алым Токтомушев. Жеңүүчүгө атайын диплом, төш белги жана 100 миң сом ыйгарылды.
6
Белгилүү публицист Эсенбай Нурушев жеңүүчүгө төш белгисин тагууда.
7
Таанымал акын Кыялбек Урманбетов
8
Мелис Эшимканов өткөн жылдын 15-сентябрында 49 жашында дүйнө салган. Ал 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.