Баш мыйзамды өзгөртүүдөн ким утат? (3)
Жогорку Кеңештин фракция лидерлери Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүүнү долбоорлоп жатышат. Мындай аракеттерден улам быйылкы парламенттик шайлоо менен чогуу Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү ыктымалдыгы да айтыла баштады. Айрым оппозициялык саясатчылар Конституцияны жең ичинен өзгөртүүгө кам көрүүдө деп башкаруучу коалицияны сындап жатышат. Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүгө канчалык муктаждык бар? Аны өзгөртүүдөн ким кандай утушка ээ болот? Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз. Талкууга - Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов жана Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт